Аймак

КАРА-СУУДА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНА КАБЫЛГАН 39 ЖАРАН КООПСУЗ ЖАЙЛАРГА КӨЧҮРҮЛДҮ

КАРА-СУУДА ЖЕР КӨЧКҮ КОРКУНУЧУНА КАБЫЛГАН 39 ЖАРАН КООПСУЗ ЖАЙЛАРГА КӨЧҮРҮЛДҮ

 690 Бардыгы /

          ОШ. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кожо-Келең айылында жер көчкү ыраса активдешти. Анын болжолдуу көлөмү ушул тапта 100 миң кубду түзөт. Ушундай олуттуу коркунучтан улам 39 жаран коопсуз жайларга дароо көчүрүлдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

          Маалыматка караганда, аталган айылда эски жер көчкү абдан активдешип, натыйжада көчкү жылып олтуруп Кожо-Келеңдеги5 турак үйгө олуттуу коркунуч жаралган. Жерине ыкчам түрдө Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адиси жетип барышып, жер көчкүгө атайын белги дагы орнотулду. Ошондой эле жер көчкү ӨКМдин аталган департаментинин «АРГИС» программасына киргизилип, активдүүлүгү тыкыр көзөмөлгө алынды.

          Белгилей кечү жагдай: жогорудагы жер көчкүнүн болжолдуу көлөмү жүз миң куб метрди түзөт. Ушул тапта аймактагы 5 турак үйдүн 39 жашоочусу коопсуз жайга көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти бул аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экендиги тууралуу корутунду ушул жылдын 9-июнь күнү эле чыгарып, жергиликтүү тургундарга коопсуз жайга токтоосуз көчүүнү сунуш эткен.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17