Аймак

ИМАНКУЛОВ “ВАГНЕРДИН” ОРУСИЯДАГЫ КОЗГОЛОҢУ ТУУРАЛУУ ПИКИРИН АЙТТЫ

ИМАНКУЛОВ “ВАГНЕРДИН” ОРУСИЯДАГЫ КОЗГОЛОҢУ ТУУРАЛУУ ПИКИРИН АЙТТЫ

 486 Бардыгы /

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстан Орусиянын бийлиги менен өлкөдөгү соңку окуялар боюнча сүйлөшө электигин билдирди.

Ал 26-июнда “Азаттыктын” менчик аскердик компаниялардын тобокелдиктери тууралуу суроолоруна жооп берип жатып мындай деди:

“Жеке менчик аскердик компаниялар түзүлсө да алар мыйзам менен көзөмөлдөнүшү керек. Мисалы, АКШда, Кытайда да ушундай компаниялар бар. Алар кайтаруу жана башка иштер менен алек болот. Менин билишимче Орусияда алардын ишин жөнгө сала турган мыйзам да жок болушу керек. Жеке менчик аскердик ишканага бардык күчтү берип койгон болбойт. Анын жетекчисинин Евгений Пригожиндикиндей саясий амбициясы болсо, аны ким токтото алат? Алардын танктары, учактары, абадан коргонуу системалары бар. Бир чоң армиянын курал-жарагы бар. Макул, ал бүгүн мамлекетке иштесин, эртең бийликти алам десе кандай болот? Ошондуктан алар кандай учурда иштейт жана кайсы убакта ишин токтотот, мыйзам менен аныкталышы керек. Ал эми бизге окшогон чакан мамлекеттерге андай компаниялардын кереги жок”.

Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов депутаттар жеке аскердик уюмдардын ишин тескеген мыйзам долбоорун жаза баштаганын айтканын кабарлашты.

Орус президенти Владимир Путиндин узактан берки жакын санаалаштарынын бири деп саналып келген “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожиндин күчтөрүнүн армия жетекчилерине каршы Москвага багытталган жүрүшү 24-июнда кечке маал токтогон.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17