Аймак

ЛЕЙЛЕКТИН ЧОҢДОРУ 4 МИЛЛИОН 790 МИҢ СОМДУ ЖЕП КОЮШКАН

ЛЕЙЛЕКТИН ЧОҢДОРУ 4 МИЛЛИОН 790 МИҢ СОМДУ ЖЕП КОЮШКАН

 711 Бардыгы /

          БАТКЕН. Лейлек районунун жергиликтүү чоңдору өздөрүнүн маянасын мыйзамсыз түрдө жогорулатып, ушуга улай сатып алуулардын баасын дагы атайылап көтөрүп, жалпы жонунан 4 миллион 790 миң  сомду өздөрүнө мыйзамсыз эле сиңирип алышкан.

Эсеп палатасынын маалыматына караганда, аталган орган Лейлек райондук мамлекеттик акимчилигин, Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин Лейлек райондук башкармалыгын, Исхак Раззаков шаарынын мэриясын, ошондой эле бир катар башка өзүн-өзү башкаруу жана муниципалдык мекемелерди абдан тыкыр текшерген. Ошентип, шылуундар тобу мыйзамсыз маяналарды тууралашып, материалдык баалуулуктардын жетишпестигин дагы атайылап жаратып, жумуштардын көлөмүн жана наркын ого бетер жогорулатышкан. Бул аркылуу жергиликтүү мамлекеттик бюджетке 4 миллион 790 миң  сомдукорду толгус зыян келтирилген.

Ошентип, аталган каражат – 4 миллион 344 миң сом мамлекетке сөзсүз кайтарылууга тийиш! Аудит маалында 1 миллион 657,1 миң сом Өкмөт казынасына төктүрүлдү. Дагы 2 миллион 686,9 миң сом мамлекетке кайтарылууга тийиш! Ошондуктан, бир катар материалдар укуктук баа берүү максатында Баткен облустук прокуратурасына тапшырылды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17