Аймак

“БАЛЫКЧЫ-КАЗАРМАН-ЖАЛАЛ-АБАД” АЛЬТЕРНАТИВДИК АВТОУНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

“БАЛЫКЧЫ-КАЗАРМАН-ЖАЛАЛ-АБАД” АЛЬТЕРНАТИВДИК АВТОУНАА ЖОЛУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ

 330 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Тогуз-Торо районунун “Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад” альтернативдик унаа жолуна таш көчкү түшүп, убактылуу унаалардын өтүүсүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев чукул жыйын өткөрүп, чектөө боюнча тийиштүү тармактын жетекчилерине тапшырмаларды берди.  

Мындан улам айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү тазалоо иштерине тосколдук жарапоого чакырат. Кырдаалга байланыштуу Казарман айылынан жана Жумгал району тарабына посттор коюлуп, райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери көзөмөлдөйт жана   унаалардын бардык түрүнө өтүүгө тыюу салат.

Учурда жолду тазалап, кеңейтүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган унаа жолдо таш көчкү түшүү коркунучу болгондуктан убактылуу жол сапарына чыкпоону эскертет.

Эскерте кетсек, 25-август күнү “Казарман-Жумгал” унаа жолунун 45 чакырымда болжолдуу 5000 куб таш кулап жол жабылган. Учурда райондук Жол тейлөө кызматкерлери тарабынан  900 м куб көчкү тазаланып, жолду ачуу иштери уланууда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17