Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
793 Бардыгы / Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 14-декабрда маалымат жыйында базарларда контейнерлердин ижара акысын арзандатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ижаранын арзандаганы келерки айда байкалат. Абдувапов быйыл 11 айда Кыргызстанда 225 млрд 744 млн сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул пландан 3,9 млрд сомго көп экенин маалымдады. Салыктын көп чогулганына […]
794 Бардыгы / Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 14-декабрда маалымат жыйында базарларда контейнерлердин ижара акысын арзандатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ижаранын арзандаганы келерки айда байкалат. Абдувапов быйыл 11 айда Кыргызстанда 225 млрд 744 млн сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул пландан 3,9 млрд сомго көп экенин маалымдады. Салыктын көп чогулганына […]
САЛЫК КЫЗМАТЫ: БАЗАРДА ИЖАРА АРЗАНДАГАНЫ КЕЛЕРКИ АЙДА БАЙКАЛАТ
15.12.2023 / Автор anarkan_kg

795 Бардыгы /
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов 14-декабрда маалымат жыйында базарларда контейнерлердин ижара акысын арзандатуу боюнча да иштер жүрүп жатканын билдирди.
Анын айтымында, ижаранын арзандаганы келерки айда байкалат.
Абдувапов быйыл 11 айда Кыргызстанда 225 млрд 744 млн сом салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү чогулганын, бул пландан 3,9 млрд сомго көп экенин маалымдады. Салыктын көп чогулганына салыктык башкаруунун жакшырышы жана ишкерлердин онлайн тейлөөгө өтүшү себеп экенин белгиледи.
Келерки жылдын июль айына чейин Көзөмөл-кассалык машинелерди колдонбой, патент системасы менен иштөөгө берилген уруксат базардагы соодагерлерге гана тиешелүү экенин кошумчалады.
Улуттук коопсуздук комитети Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бир катар базар ээлери ижара акыны төмөндөтүүгө макул болгонун билдирип, алардын тизмесин улам кеңейтип жарыялап жатат.
6-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.
Ал кол алдындагыларга “базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү” тапшырган. Ири соода-сатык комлпекстеринин ээлерин өлкөдөгү эң бай адамдар катары сыпаттап, Аскар Салымбеков, Мелис Мырзакматов, Чолпон Султанбекова, Турсунтай Салимов, Курманбек Байтереков, Камчыбек Жолдошбаев, Кубатбек Байболов, Элвира Сурабалдиева, Чыңгыз Алкановдун аттарын атаган.
Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова мамлекет жана Конституция жеке мүлктү коргоого алышы керектигин, эгер базарларга тышкы башкаруу киргизиле турган болсо ал рейдерлик басып алуу болуп каларын айткан. Дагы бир депутат, “Кудайберген” базарынын ээси Элвира Сурабалдиева бизнеске эркиндик керектигин “Азаттыкка” билдирген.
Министрлер кабинетинин көзөмөл-кассалык машинелерди киргизүү демилгесинен кийин ноябрдын аягында, декабрдын башында бир катар базарларда ишкерлер нааразылык акциясына чыгышкан.
5-декабрда президент Садыр Жапаров “Дордойдо” соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга “Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин айткан.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
10.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДА МУНИЦИПАЛДЫК КҮРӨШ ЗАЛЫ ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛДЫ
-
19.06.2024 / Автор anarkan_kg БИШКЕК-ОШ АВТОУНАА ЖОЛУНДА СЕЛДЕН УЛАМ ЖАБЫЛГАН ЖОЛ КАЙРА АЧЫЛДЫ
-
27.06.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК ОФИЦЕР ПАРА ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТКАНДА КАРМАЛДЫ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.