Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ӨЗДҮК КУРАМГА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

 138 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кечээ, 2-апрелде Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругунун негизинде Жалал-Абад ОИИБдин башчысы болуп дайындалган милициянын полковниги Марлис Асанов жана ОИИБдин башчысынын ыкчам иштери боюнча орун басары, милициянын подполковниги Сагынбек Асанбеков өздүк курамга тааныштырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, жаӊыдан дайындалган жетекчилерге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов тааныштырып, иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту камсыздоодо, өздүк курамга шарт түзүүдө, элдин милицияга болгон ишенимин арттырууда талыкпастан эмгектенүүгө чакырды.

Белгилей кетсек милициянын полковниги Марлис Асанов буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгын жетектеп турган. Ошондой эле милициянын подполковниги Сагынбек Асанов Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББде кызмат өтөгөн. Ал эми Жалал-Абад ОИИБдин мурдагы башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17