Аймак

БИЙЛИК КЫРГЫЗСТАНДА КАТУУ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР БОЛУШУ ЫКТЫМАЛДЫГЫН ЭСКЕРТТИ

БИЙЛИК КЫРГЫЗСТАНДА КАТУУ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР БОЛУШУ ЫКТЫМАЛДЫГЫН ЭСКЕРТТИ

 315 Бардыгы /

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров ушул тапта курулуш иштерине акыркы технологияларды колдонуу жана имараттардын жер титирөөгө чыдамдуулугун текшерип туруу актуалдуу болуп жаткандыгын баса белгиледи. Анткени, Министрлер кабинетинин төрагасы Ата Мекендик окумуштууларга таянып Кыргызстанда катуу жер титирөөлөр болушу ыктымалдыгын дагы катуу эскертти.

Кыргыз окумуштуулары дагы алдыдагы күчтүү жер силкинүүлөрдүн ыктымалдыгын болжолдошууда. А түгүл эң кооптуу аймактарды азыртан белгилешип, тектоникалык жаракаларга кандай роль берилгендигин кеңири иликтеп жатышат. Жыл сайын өлкөдө 13 миңге чукул сейсмикалык термелүүлөр болуп турат. Демек, биз көзөмөлдү эч качан азайтпашыбыз керек! — деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Кыргыз Өкмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаровдун айтымында, акыркы 150 жылда Кыргызстанда күчү 7 баллдан өйдөрөөк 10дон ашуун катуу жер титирөө катталган.

Алишер  ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17