Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
544 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы сейил багында Чек ара даңкы аллеясында “Күжүрмөн эсеп” мекенчилдик акциясы өткөрүлдү. Күжүрмөн эсеп – бул мамлекеттик чек араны кайтарууга чек арачыларды дайындоонун салттуу ырым-жырымы. Күн сайын республиканын бардык чек ара заставаларында […]
545 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы сейил багында Чек ара даңкы аллеясында “Күжүрмөн эсеп” мекенчилдик акциясы өткөрүлдү. Күжүрмөн эсеп – бул мамлекеттик чек араны кайтарууга чек арачыларды дайындоонун салттуу ырым-жырымы. Күн сайын республиканын бардык чек ара заставаларында […]
ЧЕК АРА ДАҢКЫ АЛЛЕЯСЫНДА “КҮЖҮРМӨН ЭСЕП” МЕКЕНЧИЛДИК АКЦИЯСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
27.05.2024 / Автор anarkan_kg

546 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгынын маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов атындагы сейил багында Чек ара даңкы аллеясында “Күжүрмөн эсеп” мекенчилдик акциясы өткөрүлдү.
Күжүрмөн эсеп – бул мамлекеттик чек араны кайтарууга чек арачыларды дайындоонун салттуу ырым-жырымы. Күн сайын республиканын бардык чек ара заставаларында жана өткөрүү жайларында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууга чыгууга буйрук кылам!” деген буйрук берилет. Аталган жөрөлгө катарда турган жигиттер жөн эле жоокер эмес, 1941-жылы жана жакында эле – 2021-жылдын апрелинде жана 2022-жылдын сентябрында болгон окуялардагыдай, өз Мекенинин чек арасын кайтарып, душманга биринчилерден болуп сокку урган жоокерлер экендигин туюндурат. “Күжүрмөн эсеп” эскерүү иш-чарасын Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ардагерлер Кеңеши өткөрдү.
2016-жылы башталган бул иш-чара Аскердик антына бек турган мурда жашыл фуражка кийгендердин жана азыр кийип жүргөндөрдүн баарын бириктирген жакшы салттуу жөрөлгөсүнө айланды. “Күжүрмөн эсеп” иш-чарасы Кыргызстандын чек арачыларынын, Чек ара кызматынын ардагерлеринин жана өлкөнүн конокторунун салттуу жолугушуусу болуп саналат. Чек арада кызмат өтө жооптуу жана ардактуу. Бул вазийпа эң мыктыларга гана – Кыргызстандын эркиндигин жана көз карандысыздыгын коргоо үчүн күчүн, керек болсо жанын да аябагандарга гана ишенип тапшырылат.
- Өлкөбүздүн тынчтыгы, бейпилдиги үчүн жанын аябаган чек
арачыларыбыздын эрдигине, баатырдыгына далай жолу күбө болдук. 1941-жылы фашисттик аскерлердин соккусун биринчи болуп чек арачылар тосушкан. Алардын эрдиги жана тайманбастыгы «Жашыл фуражкачандардын» бир нече муунун шыктандырып гана келатат. Буга мисал сыёары Кыргызстандын Түштүк чек араларында жакында болгон окуяларда биздин чек арачылардын душмандын мизин аеосуз кайтаруусу мисал боло алат. Биздин куралдаштарыбыздын төгүлгөн каны жер жүзүндөгү тынчтык үчүн өтө чоң баа экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Андыктан биз, ардагерлер, чек ара кызматынын кадыр-баркын көтөрүүгө, жаштарыбызды Мекенди сүйүүгө, мекенчилдик сезимдерин тарбиялоого аракет кылып келебиз, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ардагерлер Кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев.
Баса, чек арачы-ардагерлердин катышуусундагы “Күжүрмөн эсеп” акциясы өлкөбүздүн бардык облустук борборлорунда өткөрүлдү.
Алишер ТОСКОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
-
22.06.2024 / Автор anarkan_kg ЖРТ 2024: ЭҢ ЖОГОРКУ 234 УПАЙДЫ ҮЧ ОКУУЧУ АЛДЫ
-
30.05.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНА 110/35/6 КВ “ДАЧА ” КӨМӨК ЧОРДОНУ КУРУЛАТ
-
-
-
-
-
24.06.2024 / Автор anarkan_kg УКМК МЫЙЗАМСЫЗ ИШТЕГЕН КЫЗДАР ҮЧҮН ДИНИЙ ЛАГЕРДИ АШКЕРЕЛЕДИ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.