Аймак

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

КЫРГЫЗСТАН АЯЛДАР КЕҢЕШИНИН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

 3 Бардыгы /

Жалал-Абад облустук Б.Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында Кыргызстан аялдар кеңешинин 100 жылдыгына карата облустук Аялдар кеңеши тарабынан “Аялдар-тарых жаратуучулар” аттуу форум болуп өттү.

Форумга шаардык кеңештин депутаттары, республикалык Аялдар кеңешинин төрайымы Айнуру Алтыбаева, облустук Аялдар кеңешинин төрайымы Бактыкан Ажимаматова жана ар тармакта эмгектенген аялдар катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын тарыхында көрүнүктүү айымдардын басып өткөн жолдору сахналаштырылып, айымдардын колунан жаралган кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17