Аймак

ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ 93 ЖАШТАГЫ ЭНЕГЕ БЕЛЕК ТАРТУУЛАДЫ

ОШ ОБЛУСУНУН ЖЕТЕКЧИСИ 93 ЖАШТАГЫ ЭНЕГЕ БЕЛЕК ТАРТУУЛАДЫ

 6 Бардыгы /

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районуна караштуу 1-Май айылынын тургуну – ооруктун ардагери 93 жаштагы Саадат Алиеванын үйүнө атайылап баш багып, кемпирдин ал-акыбалынан  өзүнчө кабар алды.

Маалыматка караганда, Ош облусунун облус жетекчиси Элчибек Жантаев адегендеСаадат эненин саламатчылыгын өз алдынча кенен-чонон сураштырып, буга улай келаткан Улуу Жеңиштин 80 жылдык маарекеси менен дагы кызуу куттуктап, согуш жылдарында жаш экендигине карабастан тылда тынбастан эмгектенип, Жеңиштин эртелешине өзгөчө салым кошкондугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, а түгүл белек-бечкегин кошо тапшырды.

  • Саадат апа Алиева 1932-жылы Кара-Кулжа районунун 1-

Май айылында туулган экен. Жаштыгына карабастан, тагдыр сынаган ошол оор жылдарда айыл чарбасында, айрыкча тамекичилик тармагында үзүрлүү гана эмгектенип, тылда тынымы жок эмгек кылуу менен Улуу Жеңишке өзүнүн салмактуу салымын кошуптур, – деди Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев.

 Ошентип, Саадат апа Алиева 1964-жылы Совет колхозунун №6-бөлүмүндө жумушчу эмгектенип, өмүрүнүн дээрлик көптөгөн жылдарын эмгек майданына арнаган. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен 2006-жылы сыйланган. Ал өз убагында 4 уул, 5 кызды дагы татыктуу тарбиялап-өстүргөн.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17