Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасында жалпы жонунан 33 гана кызматкер эмгектенет. Булар дээрлик 200 миң чакырымга дейре созулган Алай жана Чоң-Ала районундагы 173 миң 429,3 гектар токойду күнү-түнү көз ирмебестен кайтарышат. Кабарчыбыз бир күндүк иш сапарында тоолук токойчулардын түмөн түйшүгүн жеринде көрүп кайтты. Кенжебай МАМЫРОВ, Кыргыз республикасынын […]
2 Бардыгы / Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасында жалпы жонунан 33 гана кызматкер эмгектенет. Булар дээрлик 200 миң чакырымга дейре созулган Алай жана Чоң-Ала районундагы 173 миң 429,3 гектар токойду күнү-түнү көз ирмебестен кайтарышат. Кабарчыбыз бир күндүк иш сапарында тоолук токойчулардын түмөн түйшүгүн жеринде көрүп кайтты. Кенжебай МАМЫРОВ, Кыргыз республикасынын […]
АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
27.06.2025 / Автор anarkan_kg

3 Бардыгы /
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасында жалпы жонунан 33 гана кызматкер эмгектенет. Булар дээрлик 200 миң чакырымга дейре созулган Алай жана Чоң-Ала районундагы 173 миң 429,3 гектар токойду күнү-түнү көз ирмебестен кайтарышат. Кабарчыбыз бир күндүк иш сапарында тоолук токойчулардын түмөн түйшүгүн жеринде көрүп кайтты.
Кенжебай МАМЫРОВ, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын токой коргоо инженери:
– Мен ОшТУну аяктаганмын. Кесибим – инженер-эколог. Жыйырма жылдан бери ушул Алай райондук токой чарабасында гана иштеп келатамын. Ушул тапта биздин токойчулук 157 ижарачы менен тыгыз кызматташабыз. Булардын 42си – туризм, 87си – токой ресрустарын кайрадан өстүрүү, экөө – кайракы аянттарды айдоо, дагы экөө – балык өстүрүу, дагы бирөө – чакан ГЭС куруу, 16сы – чөп чабуу, бирөө – таш кенин кесүү, дагы бирөо байланыш чубалгысы өңүтүндө гана кызматташат. Булардын баары тең экологиялык жана техникалык коопсуздуктуу туруктуу жана ырааттуу сактоо жагынан абдан катуу эскертилген. Баары менен тең мыйзам чегинде гана атайын келишимдир түзүлгөн. Жер кыртышын бузган үч факты катталып, мындай ээнбаштарга 230 миң сом айып салынып, баары тең республикалык бюджетке өндүүлүп, толук бойдон которулду.
Алтынчач МАМАСАЛИЕВА, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын башкы эсепчиси:
– Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасы Ош облусундагы Алай жана Чоң-Алай райондорунун калкын быйылкы көктөндүрүу жана жашылдандыруу мезгилине карата көчөттөр менен толук кандуу камсыз кылат. Биздин Бүлөлү, Биринчи Май, Кыркол жана Чоң-Алай аталышындагы көчөтканаларыбызда 8 түрдүү көчөттөр ушул тапта сатыкка дапдаяр. Маселен, Можевельник арчасы – 500, терек – 300, тал – 10 000, жаңгак – 5 000, туя – 100, өрүк – 300, кара жыгач – 5 000 даана – түп жармаңкеге коюлду. Булардын баары тең сапаттуу.
Сонайым КАЛОВА, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын инженери: – Мен ОшМУну аяктаганмын. Беш жылдан бери ушерде гана эмгектенем. Ак-Босого тилкесинде 20 гектар жерге аң казылды. Эми ушул аянттарга 16 000, ал эми Аскалы тилкесине – 5 гектар аянтка – 4000 даана көчөт тигебиз. Жалпы жонунан 25 гектарга 20 000 даана жапжаңы жана заманбап көчөттөр олтургузулат. Бизге караштуу Токой чарбасынын жалпы жонунан 2,7 аянтында атайын көчөтканаларабыз бар. Апрель жана май аларында эле тиешелүү жерлеребизди тегиз айдап, аларга көчөттөрдү кыдырата олтургузуп, анан сээп дагы таштайбыз…
Мурзабек ЧАБАРОВ, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын токой өстүрүү инженери: – Союздун (СССРдин) мезгилинде он беш союздук республиканын ар бирине жетиштүү кадрлар даярдалат эмес беле. Мен дал ошогезде Орусиянын Новосибиркс шаарындагы Табунск Токой чарба техникумунда окуганмын. 1996-жылдан бери Алай токой чарбасында гана үзүрлүү эмгектенип келатамын. Ошентип, бир жерден гана агарып-көгөрдогордум. Аброй дагы таптым. Жалгыз уул, эки кыздын атасымын. Келинчегим – медициналык кызматкер. Биздин турмушубузда күлкүлүү окуялар арбын эле кездешет. Кесиптешим Аким аке экөөбүз – токойчубуз. Аймактарды кыдырып жүргөнбүз. Бир маалда түштөнүп, анан чай ичтик. Кайрадан атка минип, сапарыбызды уланталы десек, артымда Аким аке жок! Күттүм. Дегеле көрүнбөйт. Көрсө, кайран киши байланган атынын чылбырын чечкенди унутуп коюптур. Ошол эле жерде байланган атын улумдан улам теминип жүрө бериптир. Ошондо биз бул окуяга абдан жыргап тегиз күлгөнбүз…
Ажимамат КАРАГУЛОВ, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын токойчусу: – Өмүрүмдүн 30 жылы дал ушул Алай токойчулугунда гана өттү. Жыл сайын жаңы көчөттөрдү тигип, улам жашылдандырып турабыз. Келинчегим – мугалим. Бактыма жарага ал дагы менин түйшүгү түмөн ишиме тушбүнүү менен мамиле жасап, а түгүл түздөн-түз колдоп гана келатат. Маянабыз кудайга шүгүр, кем-карчыбызды бүтөгөнгө толук жетет.
Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын директору Ниязмамат КОШБАЕВди дагы иш үстүндө, токойлорду чекесинен кыдырып жүргөн жеринде таптык.
– Алай токой чарбасында жалпысынан 33 адам эмгектенет. Алай жана Чоң-Алай райондорунун 173 429,3 гектар аянттагы токойлорун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп келатабыз, – деп кепке кошулду Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасынын директору Ниязмамат КОШБАЕВ. – Булардын 34206,3 гектары – токой, 14824,4 гектары – токой эмес, 61551 гектары – жайыт, 47,1 гектары – суулуу айдоо аянты, 168 гектары – чөп чабынды, 8,7 гектары – курулуш астындагы жерлер, 135,9 гектары – суу астындагы жерлер, 4,7 гектар – жол астындагы жерлер, 56 гектар – муз, 67397,2 гектар – шагыл каптаган аянт. Ушулардын бардыгы бизге караштуу Гүлчө, Алай жана Чоң-Алай токойчулугунун кызматкерлери тарабынан туруктуу көзөмөлдөнөт.
Баса, Кыргыз республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын Алай райондук токой чарабасында жалгыз УАЗ автоунаасы өрт коопсуздугун камсыздоо максатында дайыма чекте турат. Ал эми дагы бир НИВА автоунаасы керек кезде пайдаланылат. Мындан тышкары 19 токой чарба кызматкерине бирден ат ыроолонгон. Көмөкчү чарбада 8 баш уй, 5 бпш жылкы багылат. Ушуга улай 40 балл челеги бар. Ушундац шартта Алай райондук токой чарабасынын кызматкерлеринин иштөө тартиби ого бетер жакшыртылып, андан ары алардын мыйзам чегинде активдүү эмгектенүүсүнө гана камкордук көрүлгөн.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Алай району
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
-
27.06.2025 / Автор anarkan_kg АЛАЙЛЫК ТОКОЙЧУЛАР 173 МИҢ 429 ГЕКТАР АЯНТТЫ КҮНҮ-ТҮНҮ КАЙТАРЫШАТ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖКККББнын БЕШ АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШАГАНГА КӨНӨЛҮ!
-
05.07.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна ЖКККББНЫН 88 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА СПОРТТУК ИШ-ЧАРАЛАР ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
24.07.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНА САЛЫНУУЧУ ЖАҢЫ БАЗАРДЫН ОРДУ ӨЗГӨРТҮЛДҮ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.