Аймак

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

ЖАҢЫ ДАЙЫНДОО

 3 Бардыгы /

Куламидинов Канатбек Мэлисович – Манас шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды.

Манас шаарынын мэриясынын маалымат борбору билдиргендей бүгүн, 14-апрелде мэрдин орун басары Кубаныч Шерматов жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамаатына тааныштырып, жооптуу ишине ийгиликтерди каалады.

Куламидинов Канатбек Мэлисович – 1994-жылдын 26-июлунда Жалал-Абад шаарында төрөлгөн. Билими: жогорку, экономист.

Эмгек жолун Жалал-Абад облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынын спорт инструкторунан баштап жетектөөчү адиси, башкы адиси кызматтарын аркалаган.

Эскерте кетсек, Манас шаарынын дене тарбия жана спорт бөлүмүн буга чейин Талас Нуралиев жетектеп келген. Ал өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17