Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
1,561 Бардыгы / Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы бул мекемеге суракка келиши керектигин билдирди. Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта алардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат. «Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын […]
1,562 Бардыгы / Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы бул мекемеге суракка келиши керектигин билдирди. Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта алардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат. «Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын […]
УКМК: «Азаттыктын» журналисттери УКМКга келиши керек
04.12.2019 / Автор anarkan_kg

1,563 Бардыгы /
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы бул мекемеге суракка келиши керектигин билдирди.
Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта алардын катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат.
«Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз» деп билдирди УКМК.
УКМКК «Азаттык Медиа» мекемесинин эки кызматкерин 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.
Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.
«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.
Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.
Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар бар. Ири суммадагы акча каражаттары адалданып турганы да айтылган.
Ошондой эле бул иликтөө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.
Журналисттик иликтөөгө байланыштуу 29-ноябрда Райымбек Матраимов УКМКда беш сааттан ашык сурак берип чыкты. Матраимов сыртта күтүп турган журналисттерге комментарийди кийин бере турганын айтты.
Ага чейин Матраимов өзүнө байланыштуу бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин, «Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө айтылган маалыматтар туура эмес экенин кошумчалап, актыгын далилдей аларын белгилеген. Анын кайрылуусун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24-ноябрда «Фейсбукка» жарыялаган.
Иликтөөнүн биринчи бөлүгү ушул жылдын май айында чыккан. «Азаттыктын» ал иликтөөсүндө 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат кытайлык ишкер Айеркен Саймаити аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
16.02.2025 / Автор anarkan_kg АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
-
21.11.2024 / Автор Акбермет Орозалиевна САК БОЛУҢУЗДАР, КЫШКЫ ӨРТ КООПТУУ МЕЗГИЛ БАШТАЛДЫ
-
13.02.2025 / Автор anarkan_kg ИСКЕ УУЛАНУУНУН АЛДЫН АЛ, ЖАКЫНЫҢДЫН ӨМҮРҮН САКТА!
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ЯПОН МАДАНИЯТЫ МЕНЕН ТААНЫШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТТҮ
-
-
16.10.2025 / Автор anarkan_kg ШАЙЛООНУ УЮШТУРУУ БОЮНЧА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ОТУРУМУ ӨТТҮ
-
22.10.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСТУК ФИЛАРМОНИЯСЫНЫН 30 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИ БЕЛГИЛЕНДИ
-
28.10.2024 / Автор anarkan_kg МЕКТЕП-ЛИЦЕЙГЕ КОШУМЧА ЖАҢЫ 4 КАБАТТУУ ОКУУ КОРПУСУ КУРУЛАТ
-
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.