Аймак

Жолдошум апам жөнүндө “ Кыргыз аялынын жүрүш-турушунун эрежеси” деген мемуар жазышың керек деп айтып калат

 3,758 Бардыгы /

Жолдошум апам    жөнүндө  “ Кыргыз аялынын жүрүш-турушунун эрежеси”  деген  мемуар  жазышың керек деп айтып калат
Роза Акимбаева, Кыргыз Республикасынын улуттук “Кызыл-Ай” коомунун Жалал-Абад областынын өкүлчүлүгүнүн директору, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо тармагына эмгек сиңирген ишмер.


-Роза эже, 8-Мартты кайда, кантип тососуздар?

– Ар жылы ар кандай шартта. Акыркы жылдары жолдошум менен балдарым мага, келиндериме “сюрприз” кылып куттукташат. Алдын ала билбейбиз. Быйыл да ошондой болот болсо керек.

-Жолдошуңуздун өзгөчө куттуктаганы эсте калдыбы?

-Ооба бир жолу бир кучак гүл алып келип куттуктаган.

-Сиздин жолдошуңуз да врач, экөөңүздөр тең дарыгерсиздер. Эки врачтын бир үй-бүлөдө болушу жакшыбы же жаманбы?

-Жаман жагы материалдык тарабынан болот, себеби врачтардын айлык акысы аз болгондуктан кээде жетишпестик да болот. Ал эми көз карашыбыз врачтар катары бири- бирибиз менен ой бөлүшүп керек болсо, мен өзүмдү невропотолог катары акеңден башкага мен эч баш бербейм, мен топический диагностиканы эң жакшы билем дейм. Бирок акеңин алдында мен пас деп кол көтөрөм, анткени ал топический диагностиканы менден жакшы билет. Ал нейрохирург , нейротравматолог болуп иштеген. Мен Алматыга атайын окууга барып келгенден кийин гана акең менен бир деңгээлде сүйлөшүп калдым. Демек бул жагдай бир үй-бүлөдө эки кесиптик бири бирибизге жолтоо болбостон көмөкчү да болобу деп ойлойм. Ал эми агаңар Кадырбек Эргешов да Кыргыз Республикасынын саламаттыгына эмгек сиңирген ишмер. Көп жыл саламаттыкты сактоо тармагында жетекчи болуп иштеген. Азыр да кесибин улантууда.

-Балдарыңыздардан сиздердин кесипти жолдогондор барбы?

– Эң кичинекейибиз Кайрат врач. Жолдошум мединститутка тапшыр дегенде мен аябай каршы болгом. Медик болбой эле койсо деп,себеби төрт балам тең эле англис тилин билет, заманбап технологияны билет. Керек болсо, балдарым нано технологиянын баары менен таанышкан. Баарынын эле биздин мамлекеттен сыртта окуп кете турган шарты бар эле. Биз экөөбүз тең врач болгондуктан биз четке жөнөтө албадык. Ага материалдык ресурс керек экен. Ошого мен аябай каршы болдум. Кенжебиз 3-курска барганда бажы адистигине өтүп кетейинби дегенде мен атасына дагы айттым, ошого эле өткөрөйлү деп, атасы такыр болбой койду. Азыр эми бүтүп иштер жатат. Туура эле кылыптыр. Эч качан кайгырбайм, себеби бир жерибиз ооруса да: “Кайрат келип карап кой” -деп турабыз. Неберелерим ооруса да карап кой деп турабыз. Ошондо жолдошумдун алысты көрө билгенине ыраазы болдум. Себеби аял киши бүгүнкү, эртеңки көз караш менен жашайбыз, а эркек бүрсүгүнкүнү, андан аркы күндү ойлойт экен.

-Келиндериңизге кандай мамиле кыласыз, кандай тарбия бересиз?

-Үч келиним бар. Чоң келиним Бишкекте. Экинчиси университетте экономика илимдеринин кандидаты. Үчүнчү келиним балдары менен азыр үйдө отурат. Келиндериме келгенде айтам,” балам менин кызым жок, үйдөгү буюмдардын эмнеси каякта турганын көрдүңөр, эми өзүңөр билип жасай бергиле” дейм. Абысындар бири-бириңер менен ынтымак болуп, бири-бириңерге эже-сиңдидей сезимдериңер болуш керек деп кеңешимди айтам. Чоң жана кичине келиним бир үй-бүлөнүн улуусу, ортончу келиним бир үй-бүлөнүн кенжеси болуп түйшүк өздөрүнө түшкөн үчүн менин колума түйшүктү билген келиндер келди. Булар күндөлүк турмушта кайненесинин жамандарын четке кагып, жакшы сапаттарын үйрөнүп жаткандыр. Аял бул үйдүн куту деп бекеринен айтпаса керек.

-Өзүңүздүн курдаштарыңыз менен карым катышыңыз кандай?

– 1996-жылдан бери 4 аял жоро болуп келе жатабыз. Жашыбыз да кесибибиз да ар түрдүү. Жалпы жылдызыбыз келишип ушул күнгө чейин жоробуз. Өз убагында жоро-жолдоштор менен катташат экенсиң. Кудалуу болуп калгандан кийин куда жакын болуп, кудалар менен көбүрөөк катташып калат экенсиң. Бишкектин Лебединовкасында 1972-жылдан бери катташкан курбум бар. Ал экөөбүз 6 жыл бирге окудук, ушул күнгө дейре катташып турабыз. Турмушта өйдө ылдый болот экен. Кээде барам деген жериңе убагында бара албайт экенсиң, мен 1-класстан бери бала кездеги бирге окуган курбумдун 60 жылдыгы болуп ошого быйыл бара албай аябай өкүнүп калдым.

-Өзүңүздүн бир туугандарыңыздын ичинен кимисине көбүрөөк ыктайсы
з?

– Өзү кыз баланын бир туугандык сезими тегиз болот эмеспи. Баарына тегиз болгонго аракет кылам. +зү атам тегиз киши болгон экен. Апам да туугандарын көп айтып калат эле. Мен ойлойм жашың өйдөлөгөн сайын тууганчылык сезим күчөйт окшойт. Менин жашоодо кумирим атам менен апам, андан кийинки эжем менен агам. Мен 8-9-класста менин өзүмдүн жеңем келин болуп келген. Ошондон баштап аны да өзүмдүн бир тууганымдай сезем. Дайыма кеңешип турам. Турмушта бирөө жөлөк, бирөө тирек болот экен да. Булар мага духовный жактан колдоо берет.
Мен апамдын тарбиясы менен сыймыктанам. Ал мени жолдошума дайыма көңүл буруп турууга, ага болгон мамлеме маани берүүгө тарбиялоочу. Бир эле мисал, анда биз көп кабаттуу үйдө турчубуз. Апам ал келе электе эле чай кой, кайнап турсун деп айта берчү. Мен газ бар дароо эле кайнайт десем да макул болчу эмес. Апам ал келгенде чай кайнап турсун дечү. Жолдошум да апамды сыйлап азыр апам жөнүндө “ Кыргыз аялынын жүрүш-турушунун эрежеси” деген китеп жазышың керек деп айтып калат.
Кыскасы ата менен энени эскергенде, ошолордун нукура акыл сөздөрү азыр турмушта ошонун баары дал келгенин сезем. Атам дайыма айтаар эле: “Таш менен урганды аш менен ур” деп, бул да болсо анын айкөлдүгү. Менин жиним келип калса, Орозбек агам айтып калат эле:”Сен атамдын айкөлдүгүн эстеп, айкөлдүк пейилиңди карматып койчу, апамдын кайратын көрсөтпөй” деп калчу. Апам кайраттуу аял болгон эле, себеби 24 бир туугандан жалгыз өзү калган экен. Ал бийдин кызы болгондон кийин бийдин да сүрлөрү тийсе керек. Апам бизди аябай катуу кармайт эле. Мүмкүн биз атамдын пейили менен аябай бош, эрке болуп калмакпыз, эгер апамдын катуулугу болбосо. Мен үйдүн түйшүгүн эрте тарткамын. Болочок кыз балага турмушта, жашоодо жашоосу эң жеңил болуш үчүн кичинекейинен эле үй түйшүгүнө көндүрүш керек экен.

-Көргөн жердин баласы, көргөн жердин кызы деп калат ушуну сиз кандай түшүнөсүз?

– Бул барчылык, токчулук башынан кечирип, топук кылган адамдарга карата айтса керек да. Көргөн жердин дегенинин себеби, барчылыкты, токчулукту көргөн шартта жашаган киши кийин ачкөздөнбөгөндүгүн айтса керек.

-Дагы айтып калышат, кардың ачса, карындаш изде деп…

– Кыз киши боорукер, тууганчыл болот. Башка жерге түшүп, жашап калса да айылынан бирөө барып калса акем деп ардактап сыйлап узатат. Ушундан улам талаа-түздө карындаштарың болсо ачка калбайсың деген мааниде айтылып калса керек.

-Сиз аял катары, врач катары аймактагы аялзатынын ден соолугу чың болуш үчүн эмне керек же эмнеге муктаж деп ойлойсуз?

– Биринчиден кыз бала төрөлгөндөн баштап эле биринчи эле күндөн камкордук көрүш керек. Базар экономикасына өткөндөн баштап колунда барларга жакшы, ал эми калктын аярлуу бөлүгүндөгүлөргө абдан чоң таасирин тийгизет деп ойлойм. Себеби кош бойлуу жаштарыбыз убактысында өздөрү өздөрүн карабайт, экинчиден ооруп калса дагы төрөр- төрөгүчө жүрө берген кыз-келиндерибиз да бар. Мисалы, кыздар Россияга кетип калып суукка урунуп жатышат. Азыр 18ге толо элек кыздардын каны аз, бөйрөгү ооруйт.
Союз убагында өспүрүмдөр врачтары деп коёт эле, жаш өспүрүм кезинде балдарга байкоолорду жүргүзүшөт болчу. Азыр толук бойго жеткенге чейинки убакта байкоо жүргүзүүлөр болбой жатат. Азыр мектеп убагында, студент убагында жаш кыздар кароосуз калып жатат. Ошондуктан көбүнчө өнөкөт оорулардын пайда болушу ошондон деп ойлойм.

-Айылдагы энелер менен шаардагы энелерде айырмачылык барбы?

– Жеке мен айылдык, шаардык деп бөлө албаймын. Анткени ар бир үй-бүлөнүн, ар бир эненин өзүнүн өзгөчөлүгү болот. Себеби ошол эле айыл шартында эле жакшынакай туруктуулукка, тартиптүүлүккө, турмушка даярдоодо бир үй-бүлөдө жакшынакай кыздарды тарбиялап жатышат. Ошондой эле шаарда жашап туруп деле кыздарын терс тарапка тарбиялаган ата-энелер да бар. Бекеринен айтпайт кызга кырк үйдөн тыюу деп, биз кичинекей кезибизде мен ошондо 9-10 жашта болсом керек апам айтаар эле:”Тээ тигинде аксакал турат, көйнөгүңдү жакшылап кийгин, алардын алдына барып секирип ойнобо” дейт эле. Биз ошондо макушка деген оюндарды ойнойт элек, аксакалдар келе жатканда алар өтүп кеткичекти биз ойнобой жол берип туруп калат элек. Ошон үчүн аялзатынын тарбиясын кичинекей кезден эле башташ керек.

Маектешкен: Акбермет Садыкова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17