Аймак

УКМК СОТ СИСТЕМАСЫНДА КӨПТӨГӨН КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАЛАРДЫН АЧЫККА ЧЫККАНЫН БИЛДИРДИ

УКМК СОТ СИСТЕМАСЫНДА КӨПТӨГӨН КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМАЛАРДЫН АЧЫККА ЧЫККАНЫН БИЛДИРДИ

 915 Бардыгы /

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 16-декабрда сот системасында көптөгөн коррупциялык схемалар ачыкка чыкканын билдирди.

УКМКнын билдирүүсүндө сот системасын санариптештирүү боюнча долбоорду ишке ашырууга байланыштуу кылмыш иши жөнүндө маалымат камтылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө сот тутумун санариптештирүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында каралган каражаттарга мыйзамсыз түрдө ээлик кылуу учурлары аныкталганы айтылат.

Коррупцияга Жогорку Соттун жетекчилигинин, Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин, «Адилет Сот» мамлекеттик мекемесинин, коммерциялык уюмдардын жана аларга өнөктөш адамдардын тиешеси бар экендиги такталганы белгилеген.

«Жогорудагы топ «Жергиликтүү сот», «Кыргыз Республикасынын сот системасынын карызкорлорунун реестри», «Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин Электрондук статистика жана сот органдарынын отчеттуулук системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча келишимдерди алдын ала сүйлөшүп алуу менен жасалма жол түзүшүп, ушул максаттарга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөрүнө ыйгарып алышкан», – деп айтылат билдирүүдө.

Аталган кылмыш иштеринин алкагында, сот системасынын 11 кызмат адамы жана жеке бизнестин өкүлдөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылган, алардын ичинен 6 адам буга чейин соттолгону аныкталган.

Тергөө учурунда аныкталган 18 миллион 988 миң 553 сом материалдык чыгым мамлекетке толугу менен кайтарылган.

УКМК кылмыш ишинин фигуранттарынын ысымдарын атаган жок.

Быйыл жазында Соттор кеңеши Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бергенден кийин ал кызматынан четтетилген.

Ал автоматташтырылган маалымат системасын ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге шектелген.

Гүлбара Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп 2018-жылдын 22-сентябрынан тарта иштеп жаткан. Ал айыптоолордун баарын четке каккан.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17