Аймак

ДЕПУТАТ АДАХАН МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВГО АКЫРЫ ЖООП КАЙТАРДЫ

ДЕПУТАТ АДАХАН МАДУМАРОВ ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВГО АКЫРЫ ЖООП КАЙТАРДЫ

 144 Бардыгы /

БИШКЕК. Жогорку Кеңеш депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурадан сурактан чыгаары менен журналисттердин бир катар суроолоруна дароо жооп кайтарды. Ара чолодо президент Садыр Жапаровдун «Вечерний Бишкек» маалымат каражатына курган кеңири маегинде  «2009-жылы Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турган кезинде Баткен облусундагы Төрт-Көчө участогун Тажикстанга берүү тууралуу протоколго кол коюлуп калган» деген кебине дагы оппозиялык саясатчы өз позициясын төмөнкүчө ачыктады.

-Мен бүгүнкүгө дейре президент Садыр Жапаровдун башкы прокурор, же сот болуп калганын билбептирмин. Ал бир эле убакта тергөөчү дагы болуп жатыптыр. Бул маданиятсыздык, сабатсыздык деп эсептеш керек! Өлкө башчысымын деп отурган киши бир аз китептерди окуп койсо деле ашыкча болмок эмес. Кылмышкер деп жалгыз гана сот чечим чыгарат, – деп агынан жарылды Жогорку Кеңеш депутаты Адахан Мадумаров. – Өздөрү ушундай жол менен чоңоюп, өскөндөн кийин, элдин баары мендей (өзүндөй – автор) деп атса керек да. Мен ал жигиттен айырмаланып солярка ташып, банктарды басып алып чоңойгон эмесмин. Мен улуу китептерди окуп, улуу инсандардын тарбиясын алып чоңойгом. Ал жигиттин (президент Садыр Жапаровдун – автор) айтканы жапайчылык! Мен азыр кызматкерлерге айттым, буйрукту катуу берген окшойт, эмне эле түштөн кийин чуркап калдыңар десе, көрсө интервью берген турбайбы депчи. Эс алууда жатып алып ойлоп тапканы ошол болдубу. Анын дагы (президент Садыр Жапаровдун – автор) акыры тарых алдында жооп берер күнү келет. Ар бир сөзү үчүн сөзсүз жооп берет!

          Тилекке каршы, оппозиялык саясатчы Адахан Мадумаровдун бул кебине президент Садыр Жапаров, же анын аппараты азырынча үн катыша элек…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17