Аймак

ОШ-БИШКЕК БАГЫТЫНДАГЫ АЙДООЧУЛАРЫНА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

ОШ-БИШКЕК БАГЫТЫНДАГЫ АЙДООЧУЛАРЫНА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

 1,254 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан апта башынан тартып Жалал-Абад-Бишкек багытында каттаган айдоочулар арасында түшүндүрүү иштери алынып барылууда.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө Жалал-Абад облустук ЖКККБнын начальнигинин орун басары Нурлан Саркаров – айрыкча туруксуз аба-ырайынан улам, жолго чыгууда сак болуп, ылдамдыкты жогорулатпай, ашууларда этият болуп, күндүзгү убакытта жолго чыксаңыздар – деп токтолуп өттү.

Ошону менен катар жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн себептерине токтолуу менен айдоочуларга жол эрежелерин так сактоону, аба-ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу чектөөлөр болуп жаткандыгын, эгер мүмкүн болсо убактылуу кышкы дөңгөлөктөр менен жүрүүүнү сунуштап эскертмелер берилди.

Айдоочу жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна кам көрүп жаткандыктарына ыраазы болгон айдоочулар жол сакчыларына ийгиликтерди каалап өтүштү.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери облус аймагында – 124 (2021-ж. – 114) жол кырсыгы катталган, натыйжада – 20 адамдын өмүрү кыйылып – 206 (189) жүргүнчү денелеринен ар түрдүү жарааттарды алышкан.           

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17