Аймак

БАТКЕНДИК КЫЗ ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНДУГУН БАГЫНДЫРДЫ

БАТКЕНДИК КЫЗ ТАЯК ТАРТЫШ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНДУГУН БАГЫНДЫРДЫ

 2,505 Бардыгы /

БИШКЕК. Кадамжайлык Сайкал Ниязова таяк тартыш боюнча Кыргызстандын чемпиондугун багындырды. Бул туурасында спортчу Сайкал Ниязованын апасы Гүлнара Сейитова редакциябызга сүйүнчүлөдү.

Гүлнара Сейитованын айтымында, ушул жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган Кыргызтандын таяк тартыш боюнча 7-чемпионатында жеңишке жетишти. Ал 70 кило салмактагылар арасында күч сынашты. Баса, Сайкал Ниязова таяк тартыштан тышкары кол күрөшү менен дагы тынымсыз машыгат. Ушул жылдын 25-26-март күндөрү борбор калаабызда өткөн республикалык мелдеште 75 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында чемпион аталган.

Сайкал Ниязова 2005-жылы Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Тамаша айылында төрөлгөн. Ушул тапта ОшМунун дене тарбия факультетинде 1-курсунун студенти. Эске сала кетчү жагдай: Сайкалдын апасы Гүлнара Сейитова дагы спортчу. Тамаша айылындагы Акжол Камбаров атындагы мектептин дене тарбия сабагынын мугалими.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17