Аймак

УНИВЕРСИАДА 2023ТӨ ОШМУ ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДАРДЫ

УНИВЕРСИАДА 2023ТӨ ОШМУ ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКА БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ОРУНДАРДЫ БАГЫНДАРДЫ

 3,555 Бардыгы /

БИШКЕК. Өлкөбүздүн башкалаасы Бишкек шаарында өтүп жаткан республикалык универсиадада жеңил атлетика боюнча мелдеште ОшМУнун эркектер жана кыздар командалары командалык эсеп боюнча   экинчи орунду багындырышты.

Команданын машыктыруучулары – Алмазбек Казибековдун жана Алымкан Жамшитбекованын жетекчилиги астында спортчуларыбыз 1- алтын, 7-күмүш жана 3-коло  медалга татып олтурушат.

Кыздар командасынан 1. Сон Рената 400м, 1-орун, 200м 2-орун. ДТжМ фак. 2. Эркинбекова Гүлайым 800м 3-орун. БжМ фак.

Эстафета 4*100м, 2-орун. Курамында: Сон Рената, Матамарова Айсырга (юридика), Айткан Хайдарова(STEM), Эркинбекова Гулайым

Балдар командасы: 1. Сулайман уулу Жусуп 800м 2-орун, 1500м 3-орун. Дене тарбия фак. 2. Мукумбек уулу Майсалбек 400м 2-орун, 800м 3-орун. Дене тарбия фак. 3. Эргешов Баяман 200м 2-орун. БжМ фак. 4. Мухамед уулу Нусуратилла 100м 3-орун. Медицина фак. Эстафета 4*100м 2-орун. Курамында: Эргешов Баяман,  Мухамед уулу Нусуратилла, Мукумбек уулу Майсалбек, Сулайман уулу Жусуп.

Баса, аталган Универсиада үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинен 20-апрелине дейре Бишкек шаарында спорттун 17 түрү боюнча өткөрүлдү. Эми мыкты командалар 2023-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Универсиадага катышуу үчүн иргелип алынат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17