Аймак

ОШТУК СПОРТЧУ МАКСАТ БАТЫРБЕКОВ КАРАТЭ-ДО SKIF БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ

ОШТУК СПОРТЧУ МАКСАТ БАТЫРБЕКОВ КАРАТЭ-ДО SKIF БОЮНЧА ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНУ АТАЛДЫ

 3,285 Бардыгы /

    ВЕНГРИЯ. Ушул жылдын 25-27 август күндөрү Венгриянын Дьёр шаарында каратэ-до SKIF (Сётокан) боюнча 14-Дүйнөлүк мелдеш өткөрүлдү. Анда жалпы 50 мамлекеттен 1000 ден ашуун спортчу ат салышып, Кыргызстандан барган 11 спортчу жеңишке жетишти.  

         Кыргызстандын курама командасынан 31 спортчу катышты. Алардын арасынан Ош шаарынан барган спортчулар төмөндөгү ийгиликтерди жаратышты: Батырбеков Максат, 16-17 жаштар арасында, кумитэ; (алтын) Батырбеков Максат,15-17 жаштар арасында командалык беттеш; (алтын) Абдугуламов Имран, 12 жашка чейинки куракта, кумитэ; (коло) Долотбаев Самарбек, 20-39 жаштар арасында, -85 салмакта, кумитэ. (коло) Башкы машыктыруучу, Долотбаев Самарбек (2 Дан) Ош шаардык каратэ-до федерациясынын президенти – Эргешов Бекмырза (5 Дан).

       Ошентип, Кыргызстангдыне намысын коргошкон аталган спорт чеберлери ушул жылдын 30-августунда «Ош» Ээл аралык аба майданында күйөрмандары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынран сый-урмат менен тосулуп алынды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17