Аймак

ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

ТОГУЗ КОРГООЛ БОЮНЧА МЭРДИН КУБОГУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 4,080 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаарында 7-9-октябрь күндөрү тогуз коргоол оюну боюнча эл аралык мелдеш уюштурулуп, бүгүн жыйынтыкталды.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борбору билдиргендей, мелдешке Бишкек, Ош шаарларынын жана Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарынын аймагынан келген 18 команда катышты. Катышуучулардын арасында Өзбекстандан келген студенттер да бар.

Спорттук иш-чаранын сыйлоо аземине Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, жеңүүчүлөргө мэрдин кубогун, акчалай сыйлыктарды, диплом жана медалдарды тапшырды.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17