Аймак

ЭАУда СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

ЭАУда СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

 1,020 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде профессор-окутуучулар  жана кызматкерлер спартакиадасы башталды.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматынын маалдыматына ылайык, жаңырган жылдын 19-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасынын салтанаттуу ачылышы болду. Аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт, алар: волейбол, баскетбол, кичи футбол, стол тенниси, чатыраш, жеңил атлетика, эстафета (спорт түрлөрүнүн жыйындысы катары), гирялык спорт (гиря көтөрүү), аркан тартышуу жана тогуз коргоол. Аталган спартакиада ушул жылдын 19-январынан 27-январына чейин өткөрүлөт. Спартакиаданын уюштуруучулары: ректорат, кесиптик кошуун комитети, дене тарбия жана спорт кафедрасы. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган, бул спартакиадага жамааттын бардык мүчөлөрү катышат: жетекчилик жана кафедралардын окутуучулары, бөлүмдөр кызматкерлери жана чарба бөлүмүнүн жумушчулары.

“Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана достук чогуу жеңишке ээ болушат. ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!”, -дейт ректорат

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17