Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
Соода-сатык
Конкурс ЖАМУ
КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
АУКЦИОН Могол айыл аймагы
Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
«ЖЕР МУНАПЫСЫН ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ТАРТИБИ ЖӨНҮНДӨГҮ ЖОБОНУ БЕКИТҮҮ ТУУРАЛУУ” САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
Сакалды айыл аймагы ТООРУК АРКЫЛУУ САТУУ ТУУРАЛУУ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
АУКЦИОН САКАЛДЫ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
СЫНАК АК-СУУ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ
НООКЕН РАЙОНУНУН ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

Конкурс ЖАМУ

 907 Бардыгы /

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети өлкөнү туруктууөнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго КОНКУРС

ЖАРЫЯЛАЙТ

Максаты: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 16-февралындагы “Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө илимдин салымын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” №26 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын №6 протоколунун 3-пунктун аткаруу.

Катышуучулар: Өлкөбүздүн бардык жарандары (жаштары чектелбейт).

Долбоордун негизги обьектиси: Жалал-Абад облусунун айыл аймактары, шаарлары.

Долбоордун багыттары: Жалал-Абад облусунун айыл аймактарынын, шаарларынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө орчундуу салым кошо ала турган, негизделген маселелер.

Долбоор жеке же жарандардын тобу аркылуу конкреттүү айыл аймак, шаар үчүн даярдалып, анык бир маселени чечүүгө багытталууга тийиш (экономика, медицина, билим берүү, коммуникация, өндүрүш ж.б.). Ошондой эле долбоор аркылуу сунушталган маселе экономикалык- техникалык -укуктук жактан негизделип ишке ашыруу жолдорун камтышы маанилүү.

Долбоорлорду конкурска жөнөтүү мөөнөтү: Конкурс жарыялангандан тартып бир айлык мөөнөттө.

Долбоорду тариздөө: Титулдук баракчада долбоордун аталышы; кийинки баракчада катышуучулар боюнча маалымат (ф.а., туулган жылы, жери, жашаган, иштеген жери, кызматы, байланыш үчүн телефондор); үчүнчү баракчада долбоордун темасы боюнча маселенин актуалдуулугу, чечүүнүн жолдору, алынуучу натыйжалар көрсөтүлөт.

Конкурс  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети тарабынан каржыланат жана жалпы фонду 1000 000 (бир млн.) сомду түзөт.

Конурс  ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана жалпы жарандар үчүн өзүнчө жүргүзүлөт жана каржылоого ийгиликтүү кабыл алынган долбоорлор үчүн төмөндөгүдөй таризде акчалай байге каралат.

ЖАМУнун студенттери үчүн – 300 000 (үч жүз миң)сом;

ЖАМУнун профессордук –окутуучулук курамы үчүн – 300 000 (үч жүз миң)сом;

Жалпы жарандар үчүн – 400 000 (төрт жүз миң) сом.

Конкурстук долбоорлорду кабыл алуу мөөнөтү: массалык маалыматтарга жарыяланган күндөн тартып 2 ай. Конкурска келип түшкөн долбоорлор, атайын комиссия тарабынан экспертизадан өткөрүлөт жана эки жуманын ичинде жыйынтыгы чыгарылат. Өтпөй калган долбоорлор боюнча кошумча талкуулар жүргүзүлбөйт.

Долбоорлор төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Жалал- Абад шаары, Түмөнбай Байзаков проспектиси 25, ЖАМУ. Конкурска.

Кошумча суроолор боюнча: Куваков С.Ж. 0(551) 19-13-02.

Алымкулов Б.Н., 0(777) 11-11-87.

Ректор                                                           Усенов К.Ж.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17