Аймак

АБАЛЫҢ КАНДАЙ СТУДЕНТ?

АБАЛЫҢ КАНДАЙ СТУДЕНТ?

 5,305 Бардыгы /

Жаштар Жалал-Абадга жарашып, Жалал-Абад жаштарга жарашып, шаарыбыз күн сайын жашарып барат. 3 жогорку, 3 орто окуу жай жана 2 кесиптик лицей бар. Статистикалык маалымат боюнча 29 493 жаш жарандар бар.  Акыркы жылдары чет өлкөлүк студенттердин катары калыңдоодо. Жай мезгилинде Жалал-Абадда жаштыктын деми азая түшөт. Көчөлөр, машруттук каттамдарда боштук пайда боло калат. Шаарды шаңга бөлөп, кайнатып турган студенттердин абалын сурадык.

СТУДЕНТТЕР КОРРУПЦИЯГА АРАЛАШАТ, БИРОК ЭМНЕГЕ АЧЫКТАЙ АЛЫШПАЙТ?

Алина КАНЫБЕК КЫЗЫ: “Биздин өлкө коррупцияга белчесинен баткан деп айтылып эле келет. Эң жаманы коррупцияга келечек муундар көбүрөөк кабылып жатканы. Мисалы бизде бала бакчалар жетишсиз. Анын айынан бала бакчага киргизүүдө да коррупция бар. Билимге карай кадам паракорлук менен башталганы жаман. Менимче колледждерге тапшырууда да “желке таштоо” азабына тушугушу мүмкүн. Ал эми университеттерде коррупция бар, жок эмес. Аларды жаратып жаткандар студенттер дагы, мугалимдер дагы. Анткени биринчиси өзү сунуштайт, экинчиси баш тартпайт. Кичине эле аракет кылып окусаң болушунча көтөрмөлөп жардам беришет окутуучулар да бар. Бирок азыркы күндө жалкоолор көп. Моюнга алыш керек. Болгону ошол жалкоолорго жаза жок. Коррупция менен кутулушат. Мындан улам паракорлук күчөй берет”.

 БАШКА ОБЛУС, ШААРЛАРДЫН СТУДЕНТТЕРИНЕН АРТЫКЧЫЛЫГЫ ЖАНА АРТТА КАЛУУСУ?

Перизат БАРАТОВА: “Биздин шаарда бардык шарттар, мүмкүнчүлүктөр болбогондугуна байланыштуу Ош жана Бишкек шаарындагы студенттерден кемчилик жактары болушу мүмкүн. Окуу жайлардагы материалдык техникалык жана башка артыкчылыктардан артта калабыз. Бишкек шаарына студенттер алыскы аймактардан барат. Алар жума сайын айылга барып келе алышпайт. Ошол үчүнбү ишемби, жекшемби күндөрү да семинар-тренинг иш чаралар болот экен. Бизде студенттер айылга кетип калышат. Барбайын десе үйүндөгүлөр чакырып алышат. Биз бир жумада эки күнгө уттуруп коёбуз”.

Айтбү АНАРБАЙ КЫЗЫ: “Биздин мурдагы ректорубуз Акунжан Абдрашев айтчу эле. Бишкектеги окуу жай менен ЖАМУнун айырмасы. ЖАМУ Жалал-Абадда жайгашкан, алар Бишкекте, башка эч кандай айырмасы жок деп. Башка университеттер деле ошондой. Изденип окуганы, ийгиликтерге жетишкени ал студенттин өзүнөн. Канчалаган студенттер чет жактарга чыгып жатпайбы. Биздеги артыкчылык жашоо арзан. Экинчиден контракт кымбат эмес. Тамак-аштар, квартиралар салыштырмалуу арзан”.

ЖАЛАЛ-АБАДДЫН СТУДЕНТТЕРИН ЭМНЕ ТАЖАТТЫ?

Айтурган КОЧКОРОВА: “Бизди муздак аудиториялар жадатып келет. Жакында кыш келе жатат. Бирок Жалал-Абадда жылытуу системасы начар. Университетте күпчүйүп кийинип жүрөбүз. Ар бир аудиторияларга электрдик жылыткыч мештерди берет. Бирок алар кыйратпайт. Окуу жай ушундай болуп жаткандан кийин жатаканаларды айтпай эле коёлу. Анан дагы комнатага меш коюууга тыюу салып коюшкан деп уккам. Экинчиден студенттер кайра кайра тазалык акцияларын өткөрүп келебиз. Бирок майнап жок. Шаарыбыз таза эмес. Дегеле эс алууга жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Мисалы сейил бактар начар. Үчүнчүдөн лекциялар өтө көп. Өз алдынча темалар ага кошул ташыл. Студенттер аябай көп лекция жазат, ана баары дептерде калып кеткени жаман. Андан көрө практикада алда канча түшүнүктүү болот. Бирок лекция көп, практика аз. Бишкектеги эң күчтүү университет Борбор Азия университетинде (АУЦА) 12:30 га чейин эле сабак болот экен. А биз 1-курста эрте мененки 8:00дөн кечки 16:10го чейин жүрчүбүз. Былтыр бир саатка кыскарды. Быйыл болсо эң узагы менен 14:00гө чейин сабак өтөбүз. Сабактарды азайтып студенттерди өз алдынча изденүүсүнө шарт жаратыш керек”.

Эркинай АСАНОВА: “Автобустун аздыгы ай. Маршрутка 10 сом. Автобус анын тең жарым баасына жүрөт. Бирок саналуу гана. Биз Ошто иштеп жаткан жаңы үлгүлдөгү автобустарды кыялданбайлы мейли. Жөнөкөй эле автобустардын санын көбөйтүп коюшса, студенттерге жакшы болмок. Ар кандай жыйын-чогулуштарда студенттерди залды толтуруш үчүн колдонгону жакпайт. Эгер кааласа өзү барып көрөт да. Сөзсүз баргыла деп жөнөткөнү туура эмес”.

 

КАРА КУРСАК КАНТИП ТОЮУДА?

Нурсултан САРБАЛАЕВ: “Учурда студенттер бош убактысында түрдүү долбоорлор менен иштешсе болот. Өздөрүнүн кичи бизнестерин ачып алууга миңдеген мүмкүнчүлүктөр бар. 2017-жылы 2-февралда жаңы идея баштаганбыз. Ошондо веложарышка катышып, иш чарадан улам оюма “велокуриер” келди. Дос балдар менен идеяны бышырып, ишке ашырдык. Эл аралык университетте (мурдагы ЭИУ) окугандыктан, бизге ректораттан көп колдоолор болду. JIAIZEK жана Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынан колдошту. Ошентип 4 велосипед сатып алдык. Шаар ичине бардык товарлардын түрүн велосипед менен жеткиребиз. “Фабула” гезитин 40 обьектке таратабыз. Жана башка бардык буюмдарды жеткирүү биздин кызмат. Ушундай жаңыча бизнес идеялар толтура. Ишке ашырып жаткан жаштар, коркуп баштай албай жүргөндөр да бар.

Тахмина АЛТЫМЫШОВА, “Жалал-Абадда иштеп өзүн каржылаган студенттердин 80% эле официант болуп иштегендер же ушул иш менен баштагандар. Өзгөчө тойканаларда жалаң гана студенттер иштешет. Бирок шаңдуу. Анткени кара курсак да тоюп, күндө жумуштан көк пакет менен кайтасын. Мен да официант болуп иштеп, көп нерсени үйрөндүм. Сыйлуу конокторду, кудаларды кантип тосуу керектигин үйрөндүм. Мейманчылык ашканасын өздөштүрдүм десем болот. Бирок барган сайын бул иштен да көңүлүң калат экен. Иштейм деген студент кыздарга күнүмдүк жумуш бар деп издеп келип калышты. Группалаштар барып эки күн бир эженин үйүн тазалап бердик. Ал эжебиздин тааныштары көрүп, алар да бизди чакырышты. Үйүмө конок келет, тосуп бере аласыңарбы – деген сунуш түштү. Барып, колубуздан келишинче меймандап бердик. Карасак, буюртмалар көп эле болот экен. Тааныш чоң эжелердин сунушу жана жардамы менен кызмат ачууну эп көрдүк. Чынында Бишкекте “Келин на час” кызматы бар. Жалал-Абадда жок. Биз жалаң студент кыздар “Супер келинчек” деп кызмат ачтык. Тойлорго салат жасоо, үйлөрдү тазалоо жумуштарын аткарабыз. Биринчиден сабакка эч кандай тоскоолдук болбойт. Бош убактыңа карап буюртма алабыз. Экинчиден эжеке, жеңекелерибизге бир топ жеңилдик бердик”.

ЭХ МЕНИН СТУДЕНТТИК КҮНДӨРҮМ…

Самидин БЕГАЛЫ УУЛУ: “Эгер адам көп уктаса, анда ал жалгыз” – деген ойчулдардын сөзү бар. Студенттердин уйкучу болуусу да бекеринен эместир. Эрте менен шашып, жан талашып жөнөйсүң. Алысыраакта жашай турган болсоң, маршрутканы айтпай эле кой. Эптеп кысылып батып аласың го, чиркин. Күйүп бышып барып беш минут эле кечигип калчы. Мугалим жоктоп койгон болот. Кээде киргизбейм деп сүр көрсөтсө, кээдэ отура бер жоктоп койдум баарибир дегенде, ушунчалык жиниң келип турса да, “Рахмат эжеке” – деп отуруп алабыз. Ал сабактан даярданып келбеген болсоң, “нб” га кошуп “2” коюп коёт. Жалал-Абаддын студенттери кандай бактылуу. Пешенебизге беш сомдук пирожки, 10 сомдук самсалар бар. “Самса – студенттердин улуттук тамагы” – деген тамашалуу сөз бар эмеспи. Студенттердин гана курсагы эки самсага кампайып тоёт. Бир күндө 4 пар сабак болсо, 4 жакка көчүп жүрөбүз. Эрте менен ооруканага барып, врачтардан сабак алып, түштөн кийин окуу жайга келип лекция жазып, анан дагы башка бөлүмгө барып улантып, айтор медицина факультетинде окугандар студенттердин көчмөндөрү. Мен ооруканага барып, врачтардын операциясына кирип сабак өткөндү жактырам, ар дайым шашам. Кичинекей шаарыбызда болгону эки эс алуу багы бар. Эс алуу, сейил бак жайлары аз болгону менен, күндөрүбүз шаңдуу өтөт. Алтынга алмаштыргыс учурлар, студент болгонума сымыктанам. Бул күндөрдө түбөлүк калгым келсе да, сессия учурларында  “Уф! качан окууну бүтөм” – деп башыбызды кармайбыз.

Данакер ТӨЛӨНБАЕВ: “Он алты жашымда студент статусун алдым. 9-классты аяктап колледжге тапшырдым. Мына ушул он алты жашымда, бир жыл аралыгында көптөгөн кызыктуу күндөрдө жашап келем. Окуу жайдын жаштар комитетине кошулуп, иш чараларга катышып ийгиликтерди көрдүм десем болот. Ош шаарындагы белгилүү мейманканалардын биринде семинарга катышып калдым. Чогулуш саат 9:00дө башталмак. Мен сүйүнгөнүмдөн 8:30 да эле костюм шымды кийип, чыкыйып жасанып келип отургам. Бир маалда карасам, оолукканымданбы бут кийимимди кийбей эле шлёпкачан келе берген экем. Университеттеги кызыктуу иш чаралардын бири катылган сүрөттөр оюнуна катыштык. Ошол күнү жамгыр жаап, суу болгонубузга карабай жашырылган сүрөттөрдү издегенибиз эсимден кетпейт. Ошондо биринчи орунга жетишкен элек”.

Студенттер майрамда дискотекага келишет экен. Бийлеп жатып бир маалда бир кыз эси ооп жыгылып түшөт. Жанындагы досу:

-Эмне карап турасыңар? Тезинен суу, суу алып келгиле – деп кыйкырат.

Анда ээси ооп жаткан кыз башын көтөрүп:

-Нан дагы… – деген экен.

 

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17