Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,247 Бардыгы / Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды […]
2,248 Бардыгы / Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды […]
ЧЫҢГЫЗГА ЗАМАНДАШМЫН
04.12.2018 / Автор anarkan_kg2,249 Бардыгы /
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов өзүнүн «В соавторстве с землею и водою»деген китебинде жазуучулардын негизги вазепасы эмнеде экени боюнча оюн жазган эле. Ал киши акылман, ойчул, чебер жазуучу катары, мамлекеттик ишмер катары өз милдетин ашыра аткарды десек жаңылбасак керек. Ага далил катары элибиздин сыймыгы болгон замандашыбыздын 90 жылдыгын дүйнөнүн көптөгөн элдерин өз өлкөлөрүндө көптөгөн иш-чараларды өткөрүп жатканын айтсак болот. Кавказ тоолорунун мөңгүлүү аска зоолорунун бир чокусуна келечекти көрө билген көсөм жазуучубуздун аты аталганын угуп кубанганыман жашып да алдым. Атаганат, уулу инсан эмгегинин үзүрүн көрүп, карылык доорун да көрүш керек эле. Өткөн айда радиодон «үй-бүлөнү пландоо» боюнча талкуу болуп, анын катышуучуларынан бир карыя адам «кыздар аларды алган жигитке, ал эми жигиттер болсо ата –энеси алып берген кызга үйлөнгөнү оң дегендей» таризде оюн айтканы орунсузраак болуп калды. Анын ордуна жаштарга табият тартуулаган шыбага- махабатты аздектеп, тең-теңиңерди таап, бири-бириңерди жактырып, кыз ала качууну унутуп, элдин салтына ылайык той өткөрүп баш кошкула десе Чыңгыздын «Жамиля» повестинин мазмунуна шайкеш келип аксакалдык калыстык болмок. Кыз ала качуунун кесепетинен Бурулайдын өмүрү кыйылды. Сүйүүдө өз укугун талашып курман болгон Бурулайды каарман катары эстеликтерин парктарга орнотуп койсок жаштарга үлгү, ошондой эле эскертүү болмок деп сунуштайт элем. «Канткенде адам уулу адам болот» деген Чыңгыздын сөзү анын бардык чыгармаларынын өзөгүн түзгөн, ошондой эле дүйнө элине туура жашоо боюнча насыйкат, ачуу чакырык , эскертүү, керез катары дайыма кала бермекчи. Чыңгыздын пикирине кошулуп, анын чыгармаларынын каармандарына карап түзөнүп, жакшырып, алп жазуучубузду даңктап жүрсөк жаман болбойбуз.
Чыңгыздын наристе кези Жалал-Абад шаарында өткөнү белгилүү. Шаардын жетекчилери анын атын шаардык университеттердин бирине ыйгарып койсо орундуу иш болмок. Мен Чыңгыздан алты жаш кичүүмүн. «Согуштун балдары» катары согуштун катаал жылдарын мектепте окуп, колхоздун жумушуна катышып, айылыбыздын Казангап, Эдигей сыяктуу жумушчуларын, мектепте Зампарбай сыяктуу балдарды көрүп чоңойгомун. Азыр пенсиядагы адаммын. Акырында алп жазуучубуздун 90 жылдык мааракесин областыбыздын жарандары татыктуу тосуп аларын каалайм.
1985- жылы Бишкектеги Жеңиш майрамы. Чыңгыздын сүйлөп жатканын тартып алгамын.
Алдыңкы сүрөттө Чыңгыз тууралуу жазылган жана башка макалалардын топтомунан турган кол китеп.
Кенжебай ИСМАЕВ, Сузак району, Октябрь кыштагы 20 –ноябрь 2018– ж.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg АДАМ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ АДАМ КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.