Аймак

ПРОФЕССОР НИЯЗАЛИЕВ 80 ЖАШТА

ПРОФЕССОР НИЯЗАЛИЕВ 80 ЖАШТА

 2,671 Бардыгы /

Кыргыз элинин акылман окумуштуу, илимпоз инсаны Шайлообай Ниязалиев эгер арабызда болгондо 80 жаш куракта болмок.

ЖАМУнун түптөлүшү  жана келечеги мына ушул инсан менен байланыштуу. Анткени ХХ кылымдын 90-жылдарында уюштурулган философия жана тарых боюнча адистиги профессор агайдын бай тажрыйбасынын жыйынтыгы. Профессор Ш.М. Ниязалиев интеллигенттик маданий этикалык улуулугу, асыл сапаты менен кадыр- баркка ээ болгон инсан эле. Борбордук жогорку окуу жайлардын биринде эмгектенип жатып бул жаңы түптөлүп жаткан окуу жайга келип эмгектенгендиги  агайдын мекенчил, руханий дүйнөсү бийик инсан экендигин көрүүгө болот. Ал жаңы түптөлүп жаткан окуу жайда талыкпаган эмгегин аябады.1993-жылы жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө окуу кааналарды эмеректер менен жабдууда өзү кошо оңдоо иштерине чейин жасаган. Кадр тандоодогу агайдын көсөмдүгү, калыстыгы, сезимталдуулугу анын асыл сапаттары эле. Философ, ойчул агайдын коомчулук менен кылган мамилесинде ар бир студенттен тарта жылмаюу менен мамиле кылганында  улуу сапаты жана асыл аруулуктары бар эле. 2002-жылдын август айында агай менен жакындан тааныш болуп, окуу жайга иштеп калышыма да себепкер болгон. Ошол мезгилде экономикалык-гуманитардык факультетинде мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу кафедрасы уюштурулуп, окутуучуларга конкурс болуп жаткан. Кафедра жетекчи философия илиминин кандидаты Расул Шамшиев дайындалгандыгын агай маалымдады, тааныштырып, окуу-уюштуруу иштери, сабактын жумушчу программалары, иш тартиби боюнча сөз болду. Ошентип окутуучулук түйшүктүү эмгек жолу башталган. Профессор, устат агай жаңы уюштурулган кафедрада, адам жашоосундагы достукту да, гумандуулукту, эмгекчилдикти, принципиалдуулукту жогору коюп келген. “Жакшы адамдын белгиси” деп жашаган үйүн гүлдөтөрүн, ак мээнет кылса абийир табарын, насаат берип адамдык улуу сапаттары менен сыпа, инсандык даанышмандыктын адамгерчиликте бири-бирин баалоого, ар кимдин өзгөчөлүгүн таанууга, аны барктай билүүгө тарбиялаган. Илимпоз агай илимий жетекчилик иш алкагында окуу жайда философиянын мыкты мектебин түптөп, илимдин кандидат, докторлорун даярдады. Алар бүгүнкү күндө ийгиликтүү эмгектенишүүдө.

Аалым, мударистин илимий иштеринин негизги маселеси адам , анын аң-сезими дүйнө таануусунун кыргыз философиясындагы чагылдырышын, адам проблемасынын изилденишинин таасирин дүйнө таанымындагы борбордук маселе. Адам болумушу жана жашоо маңызын прогрессивдүү маанайдагы социофилософиялык ойлорду илимий изилдөөдө дасыккан устат. Бул жөнүндө элдик акындар Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Барпы Алыкулов, Жеңижок жана башкалардын дүйнө таанымындагы көрөгөчтүк акылмандыктын маңызын терең үйрөнүүгө түрткү берген. Философия илимдеринин доктору Гүлдана Токоеванын “Кыргыз философиясында адам болумушу” деген монографиялык эмгегинде таасын философиядагы адам маселесинин ойломунун өнүгүшүндөгү теориялык, методологиялык талдоого алган кыргыздардын ой жүгүртүүлөрүнүн өсүшү логикалык-гносеологиялык жактан анализденип, социотарыхый жана социомаданий жактан изилденгендиги мисал боло алат. ХХ кылымдан аягы, ХХI кылымдын башындагы дүйнө таанымда адам жашоосуна, анын руханий дүйнөсүнө көңүл буруу зарылдыгы өзгөчө курч маселеге айланды. Натыйжада адам феноменине карата системалуу мамиле жасоо бир жагынан актуалдуу болсо, экинчиден зарылдык туудурууда. Тактап айтканда  адамды гумандуулук менен карап, экстенционалдык чечимдерин калыпка салынышы, анын дене түзүлүшү, ден соолугу жана руханий байлыгы менен баалуулугу философиялык изилдөөлөрдүн негизги маселесине айланды. Кыргызстандагы адам таануу илимий изилдөөлөрдө эгемендүүлүк жылдарында колго алына баштады.

Адамзаттын өнүгүүсүнүн эртеңкисин болжоо үчүн бүгүнкү реалдуулукту аңдап-билүү зарыл, ошондуктан субъект ар дайым өзү жөнүндө суроолорду көп коюп, ага жооп издеп келген. Заманыбыздын залкар жазуучу, философу Чыңгыз Айтматов: “ Жеке адамдын да, коомдун да турмушу ар дайым ар түркүн маанидеги, багыттагы проблемаларды, карама-каршылыктарды, кыйынчылыктарды жеңүү менен байланышкан. Ал эми каршылыктарды жеңүү тарыхтын алга жылышын түшүндүрөт.Турмуштун мыйзамдарын өздөштүрүү, өзүн-өзү таануу менен адам тарых дөңгөлөгүн айлантып жана өзүнө карата “Жашоонун мааниси эмнеде?”-деген суроону ар дайым берип келген. Адам өзү менен бирге жаралган бул суроого, албетте так, кесе айтылган жооп жок. Ар түрдүү доорлордо ар түрдүү адамдар бул суроого ар түрдүүчө жооп берген”-деп жазат.  Дүйнөлүк өнүгүүдөгү саясий-экономикалык, социалдык маданий, диндик жактан интеграция менен унификация процессинде руханий баалуулуктардын жакындап синтезделиши улуттук өзгөчөлүктү четке кагуу менен кошулуп жаткан чакта, адам таануу маселеси изилдөөлөрдүн очогунун борборунда турары шексиз. Анткени ааламдашуунун шартында адам өзүнүн феномендик табият берген өзгөчөлүгүн, ички жан дүйнөсүнүн купуялыгын, башкача айтканда ”коомдук  жан” экендигин таанып-билүү жана философиялык, антропологиялык, илимий-концептуалдык изилдөөлөрдө анализ жасоо зарылдык катары таанылууда. Геосаясий мейкиндиктеги ааламдашуу процессинин жүрүшүндө адамдын уникалдуулугун таануу менен анын жоопкерчилигинин өсүшүнө болгон талап жогорулоодо. Ушуга карата ой жүгүртүүлөрдүн парадигмаларын негиздөө зарылдыгы турат. Кыргыз элинин байыркы мезгилден тартып азыркы учурга чейинки философиялык ой жүгүртүүлөрүн изилдеген эмгектердин көптүгүнө карабастан, адам маселесин динамикалык өсүштө изилдеген концептуалдуу илимий жыйынтыктар социалдык антропологияда, социалдык философияда, философия тарыхында этика, эстетика, кыргыз тарыхы жана философиясы атайын курстарда лекцияларда, семинардык сабактарда, философиялык антропологиялык  “адам жана коом”, “коом таануу” боюнча изилдөөдө таяныч база катары пайдаланылууда. Азыркы философиялык илимде, маданиятта адам маселесинин өнүгүшү өзгөчө теориялык, структуралык жактан жолго коюлган окууларда чагылдырылат, айрыкча философиялык, методологиялык изилдөөлөрдүн жаңы баскычка көтөрүлүшүнө адам таануу зор жаңы идеялар менен толуктайт. Устат “Көк тулпар минген волгасы бар, адамдан башка заты бар, алыскы жуукту байкаган, күлүмсүрөп сүйлөгөн, кебетеси-келбети күлдү журтту бийлеген”  Шайлообай агайдын инсандык баркы ушундай мүнөздө эле.

Профессор, философ  Ш.М. Ниязалиевдин философиялык теориялык-методологиялык жыйынтыктары киши маселеси логика- гносеологиялык мааниде изилдөөдө белгилүү бир деңгээлдеги методологиялык жолдомо болуп калды. Ошондуктан профессор, даанышман устаттын илимде калтырган эмгектери келечек муундарга кызмат көрсөтөт деген ойдомун.

 

Абдилбап МАМЫРАСУЛОВ, ЖАМУнун окутуучусу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17