Аймак

“Иринжит” каналынын курулушун Өзбекстандын маалымат каражаттары сындап жазып башташты (фото)

 1,570 Бардыгы /

“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)

“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кош-Дөбө айылында узундугу 7,6 чакырымды түзгөн ирригациялык «Иринжит» каналынын курулушу ушу күндө суукка карабай кызуу жүрүп жатат. Бул туралуу куруучу болуп иштеп жаткан Шүкүрбек Алимов билдирди. –Биз азыр каналдын жээгинде чатырга түнөп иштеп жатабыз,-деди Шүкүрбек Алимов.
Ш. Алимовдун айтымында курулушту “Чүй” жана “Империя” фирмалары куруп жатат. Ар бир фирма өзүнө тиешелүү жерлерди бөлүп алган. Акыркы күндөрү курулушту тездетүү максатында жумушчулар көбүрөөк тартылып, караңгыда электр жарыгын коюп да иштеп жатышат.
“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)

“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)
Аксы районунунун акими Медетбек Айдаралиев бул курулуш үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 405 млн бөлүнгөнүн билдирди. -Ноябрь айына чейин каналдын биринчи бөлүгү бүтөт. -. Ал толук ишке кирген соң, Аксы районунун 5 миң гектар жери сугат аянтка айланат. Ошондой эле, Аксы районунун Кош-Дөбө айылы толук кандуу сугат суу менен камсыз болот»- деди М. Айдаралиев.
Ал эми бул каналдын курулушуна Өзбекстандын каршы көз карашын билдирген материалдар интернет булактарында пайда болду. Алардын пикири боюнча СССРдин учурунда сууну пайдалануу боюнча түзүлгөн мамлекеттер аралык келишим бузулуп жатат деп эсептейт. Бирок ошол эле мезгилде Өзбекстан союздун учурундагы чек ара аныктамаларын танып, бузуп жатышат.
Орозалы Карасартов,- “Aymak.kg”

“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)
“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)
“Иринжит” каналынын курулушун  Өзбекстандын маалымат каражаттары  сындап жазып башташты (фото)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17