Аймак

Кубанычбек ОСМОНОВ: “Эми чындап адеп-ахлак кризисине кептелдик. Бул туңгуюктан чукул арада жол таап чыкпасак, Кыргызстан келечегине анык балта чабылат”

 3,555 Бардыгы /

Кубанычбек ОСМОНОВ: “Эми чындап адеп-ахлак кризисине кептелдик. Бул туңгуюктан чукул арада жол таап чыкпасак, Кыргызстан келечегине анык балта чабылат”

Кубанычбек ОСМОНОВ кыйын кезеңде Кыргызстандын музыкалык ишмерлер Союзун жетектеп жатат. Өз кабарчыбызга курган маегинде өлкөбүздүн маданиятына өзгөчө эмгек сиңирген айтылуу бул инсан Кыргыз коомчулугу жан дүйнө кризисине эми анык кептелгендигине ичи өтө тызылдап, Өкмөт мындан чукул арада арылуунун жолун издебей жаткандыгын тайманбастан жар салды.
– Кубанычбек мырза, танып не. Соңку жылдарда Кыргыз
коомчулугу адеп-ахлак кризисине анык кептелбедиби. Баса, мунун кесепети Сиздерди кыя өтпөдүбү?
– Балээниби? Кайран кыргыздар эптеп өлбөстүн күнүн көрүү
тартибине аргасыздан ыктадык. Жогорку кызматтарды аркалагандар эл камын таптакыр жебей калышты. Алар өз көмөчүнө гана күл тартып, бул оомал-төкмө заманда эптеп аман калуунун гана айласын ойлоп жатышат. Менин абдан арданганым: анчалык алыс барбай эле коеюн, мобул эле коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан музыкалык маданият жагынан бизден алдаганча озуп кетишти. Булар азыркы заманда улуттук өнөрдү биринчи планга коюп, аны туруктуу өнүктүрүп туура кылып атышат.
– Дал ошол рухий кризистин айынан Сиз жетектеп жаткан
Бишкектеги жападан жалгыз Таштан Эрматов атындагы музыкалык-педогогикалык коллежине тапшыргандардын катары кескин түрдө суюлгандыр?
– Кудай сактасын, жан дүйнө кризисинин кесепети азырынча
бизге жете элек. Анткени, биз айрым окуу жайларына окшоп, ашкере саясатташа элекпиз.
Дүйнөнү туташ кризис каптап турганда өлкө калкынын музыкалык табитин талыкпастан арттыруу менен алекпиз. Анткени, Кыргызстанда искусство дээрлик өлдү, эй! Кайран эл театрларга, филармонияга, элеттеги маданият үйлөрүнө таптакыр каттабай калышты. Алар дагыле гөртирликтин айынан жеке маселелерин чечүүнүн жетегинде гана жүрүшөт. Ушул тейде турмушубузду улантсак, мындан беш бетер мышык ыйлагыдай акыбалга мындан ары кептелебиз.
– Айып этпесеңиз, жылына Сиздердин окуу жайды канча студент
бүтүрөт? Аларды жумуш менен камсыздоо маселеси кантти экен?
– Мактангандан алысмын. Бизде азырынча мындай көйгөй жок.
Анткени, бүтүрүүчүлөрүбүздү бала бакчалар, мектептер зарыга күтүп турушат жана кучагын жая кабыл алышат. Себеби, жашырып не, соңку мезгилде музыка мугалимдерине мукураган мекеме-уюмдардын саны улам арбып баратат.
– Негизги жумушуңуздан тышкары коомдук жумушту дагы такай
аркалап, өлкөбүздүн музыкалык ишмерлери Союзун дагы жетектеп келатасыз. Бул тармакка акыркы жылдарда Кыргыз Өкмөтү жетиштүү көңүл бөлүп атты бекен?
– Балээниби? Акыркы кезде биздин бийлик агартуу тармагын
таптакыр унутту, эй! Тээ Советтер Союзунун тушунда мамлекет бизди такай камкордукка бөлөп, бюджеттен журналисттерге, жазуучуларга жана музыка ишмерлерине жетээрлик каражат бөлүп турчу. Азыр мунун бири дагы жок!
Мен билгенден мобул Казакстанда борбордук жана жергиликтүү бийликтер музыка ишмерлерине дагыле такай каралашып, мамлекеттин эсебинен жетиштүү каражат ажыратылып турат. А түгүл жеке маселерин чечкенге субсидия дагы беришет экен.
– Айтсаңыз, эмне үчүн акыркы мезгилде бүтүн дүйнөнү
багындырган Рыспай Абдыкадыровдой обончу-композиторлор Кыргызстандан дегеле чыкпай калды?
– Мунун себеби – жалгыз. Жаратмандык өнөр ушул тапта таптакыр
бааланбай калды. Таланттарга демөөр байлатчу булактар (мамлекеттик стипендия чектөө, сыйлыктар үчүн акы төлөө, алыскы-жакынкы өлкөлөргө талантын арттыруу максатында окууга жөнөтүү, кызмат жагынан көтөрмөлөө) дээрлик жо кылынды.
Мунун айынан соңку жылдарда жеңил-желпи чыгармаларга бат азгырыла баштадык. Азыр билинбейт, бирок, мунун азабын кыйла жылдардан кийин куп тартабыз. Көрөсүңөр го, анда бармагыбызды кырча тиштегенибиз түккө арзыбай калат. Жакшылап абай салсак, азыркы басымдуу музыкалык чыгармалардын тексти жеңил-желпи, а өзөгү эптемей. Мындан чыгармалар болочоксуз, борпоң жана тез урайт. Калыйык-калкка дээрлик сиңбейт!
– А өзүңүздүн жеке чыгармачылыгыңыз кантти? Анткени, эл
Сизди залкар композитор сыңары дагы жакшы билишчү эле?
– Эки симфониялык сүрөттөмө жазгамын. Биринчиси Кыргыздын
туңгуч генералы Ысакбек Мониевге арналган. Экинчиси чоң композитор Таштан Эрматовго багышталган. Көз тийбесин, экөө тең калайык калкка бат сиңип, көп жерлерде такай аткарылып жүрөт.
– Кубанычбек мырза, Бишкектеги Мекендештер Форумунда
“Кыргызстанда алтын муун доору келатат!” деп сүйүнчүлөштү. Сиздин баамыңызда, чындап эле ушундайбы, же бул жөн эле мактануубу?
– “Алтын муун доорун” тагдыр кыргыздарга он тогузунчу
кылымдын акырында жана жыйырманчы кылымдын башында буюрган экен. Карасаңар, Токтогул Сатылганов, Тоголок Молдо, Аалы Токомбаев, Жусуп Турусбеков, Жоомарт Бөкөнбаев, Таштан Эрматов, Абдылас Малдыбаев не деген көркөм шедеврлерди жаратышкан. Булардын азыр деле куну өчө элек.
Мындай бийиктикти багындырууга азыр деле мүмкүнчүлүктөр толтура. Биринчиден, Башмыйзамыбызды бекер алмаштырдык. Аны 1993-жылдагы кейпине келтирсек, көп маселелерибиз жеринде эле чечилет. Мунсуз мындан ары саясий туңгуюктан башыбыз чыкпайт эй! Экинчиден, Кыргыз Өкмөтүнө жалаң гана кесипкөйлөрдү партиялуулугуна карабастан жумушка тартуу зарыл! Үчүнчүдөн, мектепке чейинки тарбияны токтоосуз нукка салганыбыз оң. Ансыз эзели өнүкпөйбүз! Анткени, жаш муундарыбыз ушул тапта толук бойдон дегерадацияга учурады. Төртүнчүдөн, мугалимдердин кадыр-баркын токтоосуз жогорулаткан, беделин туруктуу көтөргөн мамлекеттик чоң программага муктажбыз! Аны ийнине жеткире иштеп, анан турмушка өтө бат сиңгидей таризде бекитүү абзел. Менимче, бизде азыр мындан башка жол калган жок!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨРДӨ: Кыргызстандын музыкалык ишмерлер Союзунун төрагасы Кубанычбек ОСМОНОВ.
Сүрөттөр автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17