Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,287 Бардыгы / Кыргызстан уникалдуу мамлекет десе таптакыр ишенбейсиздер. Мунун жаркын мисалын алыстан издебестен, мобул эле Алай районунан таптык. Анткени, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн адиси Махабат ИСМАНОВА бир эле мезгилде төрт кызматкердин вазийпасын абийирдүү аткарып жатыптыр. Ошондуктан, аны Гүлчө кыштагында кармап, жеринде капыл-тапыл кепке тарттык. – Махабат […]
2,288 Бардыгы / Кыргызстан уникалдуу мамлекет десе таптакыр ишенбейсиздер. Мунун жаркын мисалын алыстан издебестен, мобул эле Алай районунан таптык. Анткени, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн адиси Махабат ИСМАНОВА бир эле мезгилде төрт кызматкердин вазийпасын абийирдүү аткарып жатыптыр. Ошондуктан, аны Гүлчө кыштагында кармап, жеринде капыл-тапыл кепке тарттык. – Махабат […]
Махабат ИСМАНОВА: «БИР УБАКТА ТӨРТ КЫЗМАТКЕРДИН МИЛДЕТИН АТКАРАМ»
28.03.2018 / Автор aymak2,289 Бардыгы /
Кыргызстан уникалдуу мамлекет десе таптакыр ишенбейсиздер. Мунун жаркын мисалын алыстан издебестен, мобул эле Алай районунан таптык. Анткени, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн адиси Махабат ИСМАНОВА бир эле мезгилде төрт кызматкердин вазийпасын абийирдүү аткарып жатыптыр. Ошондуктан, аны Гүлчө кыштагында кармап, жеринде капыл-тапыл кепке тарттык.
– Махабат айым, деги ушул тапта акыбалыңыздар кантти экен? Баса, үйлөнгөндөр катары Алай районунда кескин азайдыбы, же тескерисинче, улам өсүп баратабы?
– Башка аймактарды билбейт экемин. Бирок, көз тийбесин, Алай жергесинде акыркы мезгилде үйлөнгөндөр саны улам калыңдап баратат. Албетте, бул абдан эле кубанычтуу жышаан! Ошого жараша үй-бүлө курган жаш жубайлардын жоопкерчилиги дагы күчөдү. Булардын бардыгын убагында каттап, ар бирин чын ыкластан куттуктаганга бекем ыктадык. Андыктан, ажырашкандар дээрлик тыйылып баратат.
– Ошентсе дагы көйгөйдөн куру эместигиңиздер жүзүңүздөрдөн эле даана байкалып турат. Эмнеге?
– Абдан туура жана илгиртпей баамдапсыздар.
Биринчиден, ушул тапта Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүндөгү жападан жалгыз адисмин. Дегеним, бир эле мезгилде архивариустун, оператордун, бөлүм башчынын жана атайын адистин милдетин сентябрь айынан тартып камчы салдырбастан абийирдүү аткарып келатам.
Экинчиден, түйшүгүм улам артып, ошого жараша кайрылгандар дагы абдан арбып баратат. Алардын суроо-талаптарын кечеңдетпестен жайгарып келатам. Бирок, муну мен эч кимге милдет кылып, догумду арта элекмин.
– Ушул тапта мындан башка дагы маселелелер башыңызды катуу оорутуп жаткандыр?
– Ооба. Биринчиден, жалгыз адам физикалык жактан бардыгына таптакыр үлгүрбөй жатам. Ошону үчүн кеңсебизде кезек күткөндөр моминтип арбын.
Экинчиден, Алай районунда абдан чачыранды жайланышкан он төрт айыл өкмөтү бар. Булардын үчөөндө гана биздин паспорт бөлүмчөлөрүбүз бар. Калган он бир айыл өкмөтүнүн калкын бүт өзүбүз – Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмү жалгыз тейлеп жатабыз.
– Махабат айым, Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн азыркы акыбалы жөнүндө Бишкектеги жетекчилигиңиздер билеби?
– Албетте! Бишкектеги жетекчилигибиз Алай райондук жарандык абалдын актыларын каттоо жана жарандарды жекелештерип эсепке алуу бөлүмүнүн ушул таптагы акыбалын бизден жакшы билишет. Ошол себептүү алар дагы маселебиздин ар тараптуу жана абдан ыкчам чечүүгө тынымсыз көмөктөшүп келатышат. Кыргыздар айтмакчы, сааты чыкканда биздин деле көйгөйлөрүбүз чекесинен чечилип, ар кимибиз өз милдетибизди аркалап калчу күн алыс эмес!
Эң башкысы: эл-журтубузду ынтымакчылык жана оомат гана ыроолосун! Анткени, ар кандай кыйынчылыкты жана жаманчылыкты аманчылык баары бир жеңет!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТОГУ ООРУКАНАДА КҮН САЙЫН 300 ЧАКТЫ АНАЛИЗ ЖАСАЛАТ
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
-
-
09.08.2023 / Автор Orozaly
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.