Аймак

Кыргыз көчү кайда барат?!

 15,756 Бардыгы /

Кыргыз көчү кайда барат?!
Ойлоп көрсөк, эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып эле кыргыз эли өткөөл мезгилдин шартында жашап келаткандайбыз. Кытай эли өздөрү жаман көргөн калктарга жана душмандарына “ылайым эле өткөөл мезгилде жашап калгыла” деп каргашат экен. Жакшы жашап кетели деп баш мыйзамыбызды канча жолу өзгөртпөйлү, жашообуз такыр өзгөрүлбөй, көчүбүз дале өз ордунда тургандай сыяктанат. Башкаруунун азыркы парламенттик-президенттик түрү деле орус тамсилчиси И.А. Крыловдун тамсилиндегидей “балык сууга, бөйөн кургакка жана ак куу асманга” тарткандай элести калтырып келет.

Жараткан бешенеме жазып койгон экен Орусия жергесинде, болгондо дагы анын Ыраакы Чыгышынын эң алысында жайгашкан Сахалин аралында бир нече жыл эмгектенип келдим. Колум бош болуп калганда кез-кез интернетке кирип, Ата-Журтумда болуп жаткан жаңылыктар менен окуялардан кабардар болуп турбасам ичкен тамагым аш болбойт. Ата-Журттун кадырын алыста, бөтөн элде жүргөндө даана сезет экенсиң, касиеттүү кыргы жери, анын Ала-Тоосу көз алдыңдан учат экен.. Чет элде убактылуу эмгек мигранты катары иштеп жүргөнүмдө өзгөчө жүрөгүмдү катуу ооруткан үч окуя мага катуу таасир калтырды жана аларды кабылдоо мага ал кезде өтө оорго турду.

Биринчиси 2010-жылдагы Курманбек Бакиевдин бийликтен коңторулушу жана көптөгөң мекендештерибиздин бейкүнөө шейит кеткендиктери болду. Бийликке жабышпай, кыргыз элинин элинин тынчтыгын жана эртеңкисин ойлогон Аскар Акаев 2005-жылы тынч эле унчукпай кетип калып, “эрдик иш” кылган экен.

Экинчиси 2010-жылдагы коогалаңдуу июнь окуясынын чыгышы болду. Окуя башталган биринчи күндөн баштап эле ошондогу убактылуу кыргыз бийлиги менен кыргызстандын “төртүнчү бийлиги” эки элдин ортосундагы кагылышты дүйнөлүк коомчулукка туура жана обьективдүү айкын чагылдыруудагы маалыматтык күрөш майданында ачык эле уттуруп коюшту. Эки элдин ортосундагы кандуу кагылыш Россиянын телеканалдарында жана массалык маалымат каражаттарында көбүнесе бир жактуу гана чагылдырылып, кыргыздар кылгылыкты кылган күнөлүүдөй, жаналгычтай берилип жатты. Башка өлкөлөрдө иштеп жатышкан өзбек жана орус журналисттери дүйнөлүк коомчулукка бурмаланган туура эмес маалыматтарды тынбай таратып жатышты.

Ушундай оор кырдаалда Өзбекстандын борбору Ташкентте өткөн көз каранды эмес шериктеш мамлекеттердин жетекчилеринин жыйынында орус теле журналисти Ислам Каримовго “Кыргызстандагы этникалык өзбектерге Сиз жардам бересизби?” деген суроону узатканда, ал “Бул Кыргызстандын өзүнүн ички жеке иши жана мен ага эч качан кийлигишпеймин” деп адилеттүү калыс мамаилесин ачык билдирди. Анын таамай жана кесе айткан бул сөзү сепаратисттик маанайдагы эл бузар сырткы журналисттердин отуна суу куйгандай эле болду.

Кудум эле ушундай көрүнүш 2008-жылы 8-августта, Кытайдын борбору Пекинде жайкы олимпиада ачылган күнү Грузия Түштүк Осетияга күтүүсүз агрессиялык баскынчылык согуш жарыялаганда болгон эле. Ошондо дүйнөлүк коомчулукка Россиянын аракети Түштүк Осетиянын элин агрессордон куткаруучу жана тынчтыкты сактоочу миссия эмес, Грузиянын жерине согуштук армиясы менен кирип келген канкорлор жана баскынчылар катары көрсөтүлүп калды. Батыштын жана Американын ММКлары күнөөнү ачык эле Россиянын аракеттерине оодарышып, оруссиялык журналисттер маалыматтык фронтто чындап эле уттуруп коюшту. Муну кийинчерээк Россия Федерациясынын ошол кездеги президенти Дмитрий Медведев мойнуна алып, “төртүнчү бийлигинин” өкүлдөрүн катуу каарып кеткени эсимде.

Түштүк Осетия менен Кыргызстанда болгон коогалаңдуу бул окуялар бүгүнкү глобалдуу технология өнүккөн заманда “төртүнчү бийликтин” өкүлдөрүнө маалыматтарды обьективдүү жана туура чагылдыруудагы алардын орду жана милдети өтө чоң, абдан жооптуу экендигин дагы бир ирет аттын кашкасындай тастыктап, далилдеп койду.

Үчүнчүсү менин калемдеш досторум Мелис Эшимканов, Асылбек Текебаев жана Алик Акималиевдин күтүүсүздөн жарык дүйнөдөн кайткандары болду. Мелис менен улуттук университетте чогуу окудук. Студент кезинде эле ал сөзгө өтө курч, лидерлик касиетке ээ болчу. Мелис баш болуп ошол кездеги бир топ болочок кесиптештер футбол дегенде эт-бетибизден кетип, анын “фанат жиндилери” элек. М. Эшимкановдун журналист, саясатчы жана жетекчилик чыныгы жүзү, айкын таланты “Асабадан” ачылды. Акаевдин доорунда анын “акырынан жем жеген” журналисттер теледе болобу, өкмөттүк гезиттерде болобу Мелисти “аңдан алып көргө, көрдөн алып аңга чабышкан” учур болгон. Аны жамандоо жана караламай ачык эле кампанияга айланып кеткен. М. Эшимкановдун кыраандыгын, айкөлдүгүн байкаңыз, ал эч качан актанбады, аларга теңелип пастыкка барбады. “Кербен жүрө берет, ит үрө берет” таризинде унчукпады.

Ошондо инсанды ак жеринен каралап жаткандарга жаным кашайып, Мелис досум жөнүндөгү чындык сөздү жана ачык оюмду жазып, “Асабага” салып жибердим. Мелистин дагы бир жөнөкөйлүгүн байкаңыздар, өзү жөнүндө адилет жазылган ал макаланы өзү иштеген “Асабага” чыгарбастан, досу Султан палванга (Раевге) жөнөткөн. “Кыргыз рухуна” ал макала Мелистин эң жакшы көргөн жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин чыгармасынын аталышында “Менин сүйүүм чымчык болуп сага учат” деген аталышта чыккан. Мен ошол макаламда керек болсо М. Эшимканов кыргыз эли үчүн чындап күйүп иштей турган Жогорку Кеңештин депутаты, ал тургай президенттикке дагы жарай турган чыгаан инсан экендигин айтканмын. Турмуш кийин менин бул айткандарымдын ырастыгын тастыктады.

Кыраан журналист Асылбек Текебаев менен дагы студенттик кезден бирге жүрдүк. Кийин Базар-Коргон райондук газетасында чогуу иштедик. Анан Жалал-Абад облусту өз алдынча түзүлгөндө мен областтык телерадиокомпаниясында, Асылбек областтык “Акыйкат жарчысында”, кийин Жалал-Абад шаардык “Мезгил үнү” газетасында үзүрлүү эмгектенди. Колу ачык, шуулдаган ачык-айрым жигит болчу.

Ал эми журналист жана акын Алик Акималиев менен курсташ катары чогуу окудук. Студент кезинде эле баарыбызды таң калтырып, анын балдарга арналган “Бала мышык” аталышындагы биринчи ырлар жыйнагы чыккан. Бейиши болгур Алике студент кезинде өзүн “поэзиянын лейтенантымын” деп атаганды жакшы көрчү. Университетти бүтүргөндөн бир нече жылдан кийин аны Бишкектен капысынан жолуктуруп калдым. Анан алыстан эле “поэзиянын лейтенантына салам жолдодук!” деп кыйкырып калдым. Ошондо кайраным: “Жок Жолдошбай, сен жаңылыштың, азыр мен поэзиянын маршалымын!” деп, экөөбүз каткырышып, бир топко сырдашканбыз.

Көрсө, “турмушуң эшек араба, туулдуң калдың балээге” дегендей алмустактан келаткан жашоонун мыйзам чени ушундай тура. Мен алыста жүргөндө жогорудагы кыраан калемдеш досторум “жалган дүйнөнү биротоло чанышып, чын дүйнөгө” ашыгып, аттанып кете беришиптир. Алар туурасындагы суук кабарды жердин түбүндөгү Сахалин аралында интернеттен окуганымда белим майышып, кабыргам кайышты. Ошол аралда досторума куран түшүрдүм. Кайран гана кыраан шумкарларым, Силердин бирде жаркын шайдоот, бирде аябай чарчаңкы ойго чөмүлгөн, бирде буркан-шаркан түшүп, ыр окуп жаткан жандуу элесиңер мени дайым коштоп жүргөнсүйт. Ылайым жаныңар жаннатта болсун!

Көрсө Улуу Кыргыз көчүн алга сүйрөгөндөр ушинтип азайып, акырындап суюлуп, алардын ордун уул-кыздары басат деген турмуш чындыгы, кылымдардан келаткан тирүүлүктүн, жашоонун өзгөрүлгүс мыйзамы ушундай тура…

Жолдошбай Осмонов, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17