Аймак

Апама гүлдесте ордуна

 6,711 Бардыгы /


АПАМА ТААЗИМ

Апамдан ажырап калганыма ишенип-ишенбей турам. Апам мага өлбөөчүдөй сезилчү. Азыр жок. Жан дүйнөмдү каңгыраган боштук ээлеп, колумдан калемим түшүп турат. Апам дале тирүү, айылдан телефон чалып жалынып, жалбарганын күтө берем. Компьютеримдеги папкалардын ичин карап жатып апама арнап жазып, бирок калып кеткен ушул макаланы таптым. Анча мынча толуктадым. Кеч жарыяланып жатат. Айла жок.

ххх

Апама гүлдесте ордуна Дегеле адамдын башына оору салбасын. Ден соолуктун айынан Алай-Куунун кире беришиндеги Сары-Бээ айылыма, андагы жан талаа-түздө тиричилик кылып жүргөн балдарынын карааны болуп жүргөн апама кем каттап баратам. Ичим ачышат. Мен апамы, апам мени аяйт. Неберелүү болуп калсам деле жаш баладай көрүп, кагылып-согулуп телефондон оорукчан уулунун өмүрүн тилеп жалынганын, жалбарганын угуп эзилип кетем. Эки жыл мурун эле өзүн жакшы сезип, үйгө келип жүрүп кетчү. Азыр тез-тез ооруп, чакырсак да келалбай жатат. Ичимден байкуш апам жаманчылыгына алып “жаман айтпай жакшы жок, кокус талаада күнүм бүтүп, элге журтка сөз болбоюн” деп ойлоп, жаман чалы менен жашаган журтун кыя албай, өмүрүнүн акырын айылдан өткөрүп үйдөн чыкпай калды. Ошо айылдагы балдарынын үйүнө да көп турбай эле үйүнө кетем дей берет экен. Апамдын көңүлү менен бир туугандарым убара.

ххх

Байкуш апам балдарым деп канча азаптарды көрбөдү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз көп бир тууганбыз. Апам 15 бала төрөдү. Эки кызы ымыркай кезинде эле чарчап калган. Калган 6 кыз, 7 уул үйлөнүп, жайланып өз тирилигибизди кылып жүрөбүз. Көп балалуу демекчи бир окуя эсиме түшүп кетет. Атам раматылык 67 жашында ашказанында рак болуп Жалал-Абад шаарындагы ооруканага алып келип жаткыздым. Апам карап жатчу. Жанында жаткан киши: “Канча балаң бар?”- деп сурап калыптыр. “Он үч” деп атам жооп берсе, “о-уу, ошонун баары бир катынданбы” десе, атам уялып кетип “жоок, эки катындан” деп жооп берип кутулган экен. Апам айтып эле күлүп калат. Балдары барып эркелеп, бир нерсеге таарынганда “биз атамын экинчи катынанбыз” деп апамы да күлдүрөт элек.Апама гүлдесте ордуна

ххх

Раматылык атам салган үй эскирип бараткан. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашап кар жааса, жамгыр жаап нөшөрлөсө деле “айылдагы үй кантти экен” деп бушайман боло берчүмүн. Түшүмө да ошол үй кире берчү (азыр деле көп кирет). Апам менен кенже иним Сталбек чогуу турат. Анан эркек уулдарынын улуусу мен болгондуктан (менден улуу бир эжем бар) иниме, апама айтып атам салган үйдү буздуртуп өткөн жылы жаңы үй салдырттык. Байкуш апам чалынын колу менен салынган үйүнүн бузулганына ичи ачышып, жаман болуп жүрдү. Күздө апама барсак атам каккан мыгын, колго куйган кирпичин бир күн кечке айтып эскерди.
Чынында атам мыкты уста болчу. Биздин үйдү эле эмес, айылдагы көпүйлөргө атамдын колу тийген. Атам өлөөр алдында үйгө чоң бөлмө улаган эле. Иним Сталбек ошол жерин бөлүп калтырып койгон. Азыр апам ошол үйдөн чыкпай, ага эш болуп балдары, небере-чеберелери ошол жерде. Бир туугандар жылына бир жолу чогулуп өзүнчө эле бир айыл болуп, апамды бир кубантып, инимди бир жүдөтүп кетебиз.

ххх
Моюнга алыш керек балдарга караганда кыздар боорукер болот экен. Апама бизге караганда кыздары көп каралашат. Ооруп калса Оштон, Бишкектен бизден мурда жетип барышат. Балдарынын ыймандуу болуп, жаман иштерден алыс жүрүп сөз тийгизбегенине ыраазы болуп калат. Бирок ар бир баласынын өзүнө жараша түйшүгү бар, жетишкен ийгилиги, көйгөйү болуп турат эмеспи, балдарынын турмушундагы айрым көйгөйлөрүн угуп, көрүп кейий берет. Колунда бар балдарын колунда жок балдарына жардам бер деп турат. Бир туугандарымдын да баары апамды сыйлап угушат. Мен ошого ыраазымын. Апам да ыраазы. Кудайдан апамдын өмүрүн тилеп жүрөбүз.

ххх

Балдарынын улуусу болгондуктан апам мага көп таянчу. Анткени кичине кезимде ини, карындаштарымды кыздай болуп карап апам менен кошо чоңойтуштум. Балдар ойноп жатса, мен бала карап же китеп окуп үйдөн чыкчу эмесмин. Кийин орто мектепти бүткөндө Ошко келип филфакка тапшырып, үчүнчү экзаменден кулап калдым. Ал убакта окуу жалаң тааныш менен болчу. Апамдар карапайым, малчы-колхозчу болгондуктан жардам бере алган эмес. Таанышы жок үчүнчү экзаменге чейин барганымы угуп ошол окуу жайда иштеген мугалим да таң калган.
Армиядан келгенден кийин да окууга барам деп аракет кылып кечигип калдым. Анан бир күнү ардандым да чемоданымды алып райондун борборунда жүрсөм, Фрунзеге курулушка мекемелерден кишилерди жөнөтсө барбай, киши таппай жүргөн экен. ДЭУ-26 деген ишканадан бирөөнүн ордуна кирдим да кетип калдым. Бир айга кеткемин кийин суранып калып калдым. Армияда жакшы кызмат өтөдүм эле окууга өтүү боюнча жолдомо сурап кат жазсам жибериптир, ошонун жардамы менен Кыргыз Мамлекеттик университетинин даярдоо бөлүмүнөөттүм. Окууга өттүм деп дардаңдап айылга барсам, апамдын сүйүнгөнүн айтпа. Алты айдын ичинде чачы аппак болуп кетиптир. – Эмне болду, апа? – деп сурасам. -Окууга өтпөй, балам тентип кеттиби, деп сени ойлой берип чачым агарып кетти деп айтты. Ошол кезди эстесем азыр көзүмө жаш келет. Жашырынып буркурап ыйлап,бугумду чыгарып алам. Чыны менен ошондо окуу деп апамды ойлоп деле койбоптурмун. Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада деген ушу тура!

ххх

Эненин акылы ыйык. Ата-энемдин мээнетин актап эли журтка керегим тийсин деп Жалал-Абадда губернатордун пресс катчылыгы кызматы менен областтык гезиттин редактору болуп иштеп, макталып эле жаткамын. Анан 2005-жылы март революциясы Жалал-Абаддан башталып, убагында мени иштен кет деп тилдеп, сөгүш бергендер, кылмыш кылып камалып чыккандар бийликке келип, мен куугунтукталып убактылуу бош калдым. Катуу ардандым. Анын үстүнө мен Акаевдин указы менен кызматка келгендей бакиевчилер асылып туруп алышты. Маанайым түшүп, апамдын алдына барсам: “Ээ балам, кызмат үчүн эмнеге капаланасың? Аман болсоң али баары алдыда. Сен эмес жарым мамлекетти сатып алгандар деле эл жеринен безип кетпедиби. Ага караганда сенин кызматтан бошогонуң эч нерсеге татыбайт да”- деп айтты. Кубат алдым. Ошондон кийин чыйралып, кайра жумушума келип орношуп чабышып жүрүп иштедим. Акыйкат жеңип кайра ордума келип, мага асылып, менин ордумду талашкандар, уюштургандар өзүнөнөзү эле жок болду. Бирок зыяны тийди. Эң баалуу ден соолугумдан ажырадым. Апамдын ошол сөзү таасир этпегенде балким башка жолго түшүп кетмек белем ким билет.

ххх
Сыртта кар лапылдап жаап жатат. Ооруканадан бөйрөгүмдү тазалатып чыгып келдим да, көп кабаттуу жылуу үйдө отуруп алып күүгүм талаш терезени карап айылымды, апамды эстедим. Жанынан карыш чыкпаган неберелери бутка чалынып жүдөтүп жаткан чыгаар. Сталбектин балдары өзүнүн апасы менен анча деле иши жок, апама көнүп калышкан. Бир жайда боор берсин деп мен да уулум Кубанычты айылга алып барып таштап келдим. Апам экөө ынак болуп, жумшаса тил алып, “мен чоңойгондо сизди багам, акча таап сизге дары алып берем” деп айтып койгон экен, бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой “Кубам мени багам деди” деп сүйүнүп жүрөт. Кошуна турган Махмут, Тынчтык инилерим, Калис карындашым бала-чакасы менен апамы сурап күн алыс келип отуруп кетишет. Үйүнө чакырышат. Аларды телефондон угуп бир жагынан сүйүнүп, экинчи жагынан кызгана түшөм. Апам алдуу болгондо оорубаганда үйгө келип неберелери менен боор батырып жүрүп кетпейт беле деп өксүй түшөм. Айла канча?

ххх

Апа, Алай-Кууга жааган карлар токтоп, көчкү жүрбөй калса, күн жылыса бир күнү алдыңызга барып ал-ахыбалыңызды сурап, бир туугандардын жакшылыгын айтып кубанып, көйгөйүн бөлүшүп, бугубузду чыгарып сырдашып, чер жазып отуруп келем. Атам экөөңүздөр тиккен 13 түп дарак өсүп, мөмөлөп жатат. Азыр биз чооң эле айылбыз. 46 небере, 6 чебереси, 7 келини, 4 күйөө баласы бар. Айылыбыз бүт сиздин амандыгыңызды тилеп жүрөбүз. Талаа түздө жүргөн балдарыңыздан камтама болбоңуз. Бар болуңуз.

Февраль 2012-жыл

ххх

Быйыл жазында апамды эптеп көндүрүп үйгө алып келип ооруканага жаткырып дарылатып, андан кийин бир айга жакын үйдө жүрдү. Эртели-кеч апамдын жанында болуп сырдашып, сүйлөшүп жыргап эле калдым. Уулум Кубаныч менен жытташып, эркелетип олтурат. Өзүмдү бактылуу сезем. Ошондо апам: “Мен сенин ооруп атканыңды ойлоп сар-санаа боло берчүмүн, иштеп жатканыңды көрүп, көңүлүм тынчып калды”, – деди. “Сенин ооруганыңды, кыйналганыңды көрбөй өлөйүн” деп жалбара берчү. Келини бир сыйра кийиндирип батасын алды. Бирок баары бир көнүп калган үйүнө кеткиси келгенин сезип жүрдүм. Мага “кетем” деп айткандан айбыгып турду. Анын үстүнө Сталбек инимдин уулу менен кызы апама көнүп калышыптыр, сагынып ыйлап жатат десе чыдабай койду.
Апамды аяп айылга жеткизип койдум. Ошол бойдон апамдын жүзүн көрбөй калдым. Телефондон гана күн алыс сүйлөшүп турчумун. Каникулда уулум айылга барып энесинин колунда бир ай жүрүп келди. Ал да апама көнө түшүптүр.

ххх

Апам оо дүйнө салаарын сезгенби, айтор балдарын, кыздарын, күйөө балдарын чогултуп “акаңарди сурап келгиле” деп жибериптир. Күтүрөп кирип келишти. Үй-бүлөм менен бапырап отуруп, шаарды кыдыртып, курортко алып барып ойнотуп кетирдик. Анан апам көзүмдүн тирүүсүндө жыйын-терин бүтсө неберелерим менен чебере күйөө балдарымды чакырып, сыйлап, батамды берип коёюн деп калды. Макул болдум. Менин кызымды күйөө балам менен үч небересин (кыздардын кыздарынан) жана эң кенже карындашыбызды (аты да Кенже) 15-сентябрга чакырды. Биз да бармак болмокпуз. Аттиң арман! Бирок ал тилек ашкан жок. 12-сентябрь күнү апаман ажырап калдык. Арман, баарын даярдап, өзүмдүн пенсияман жасаймын деп чогултуп жасаттырган экен. Жетише албай калды…
Апама гүлдесте ордуна ххх

Апа, биз үчүн энелик мээримиңизди төгүп, канатыңызга калкалап чоңойттуңуз. Сиздин биз үчүн тарткан азабыңыздын бир күнүнө бүтүндөй өмүрүбүз татыбайт. Атамдын жанына – Мүрзөлөрдүн айлына кеттиңиз. Эми элесиңизге, баскан изиңизге таазим кылып жашай беребиз. Капчыгайдын шамалы дөмпөйгөн мүрзөңүздүн үстүндө улуйт.
Жаныңызда демин ичине алып, оор улутуна Тар дарыя шуулдайт. Апасын күткөн баладай атаман калган кичи там жетимсирейт. Неберелериңиз Сизди айылга кетип, келип калчудай күтүп жатат.
Апа, жаткан жериң жайлуу, топурагын торколуу болсун! Асылым Апа! Кээде сизди сагынып, бук болгондо бекинип алып ыйлаймын!

Жоктоо ыры

Апакемдин сүрөтүн көрүп алып,
Байкатпай көз жашымды төгүп алып.
Кимге айтып бөлүшөрүм билбей турам,
Көр турмуш, тириликтен көңүл калып.

Айланып, абалымды сурап турчу,
Апакем жок көңүлүмдү улап турчу.
Жан дүйнөм жалгызсырап жоктоп жатат,
Жабыркап бошоп турат көңүл бурчу.

Элеси көз алдыма көп келет,
Мен барганда тосуп алып өпкүлөп.
Мен оорусам кошо ооруп кыйналган,
Эмнегидир апам түшкө көп кирет.

Айылга тартылганым апам экен,
(Атакем көп жыл болду өтүп кеткен).
Мен азыр айылды эмес мүрзөңүздү,
Сагынып тургансыймын.Чыкпайт эстен.

Билсем дагы өлүмдүн ак экенин,
Моюнга албай чын дүйнөгө кеткениң.
Айыл болгон балдарыңды калтырып,
Арман болду бу дүйнөдөн өткөнүң.
ххх
Токтоталбай салаалаган жашымды,
Апам кетти боюн жерге жашырды.
Сан ойлорго сапырылып баратам,
Салып алып салбыраган башымды…

Уулуңуз
Орозалы КАРАСАРТОВ


Туулган жерге толгонуу

Алакандай айылым
Туш тарабы тоолор менен курчалып,
Тар дарыям агып өтөт ыр чалып.
Өмүр өтөт, мезгил өтөт
Кайда шашат билбейим неге мынчалык.
Мен тааныган көп киши жок,
Атам да жок, апам жок
Мүрзөлөрдү жай кылышкан тынч алып.

Курбулардын катарлары кемиген,
Куран окуйм бата тилеп теңирден.
Мен тааныган капчыгайдын шамалы,
Бирде тынч да бирде катуу элирген.
Жылан сындуу ийреңдеген жол жатат,
Тээ алыскы Чоң-Боор, Шар-Суу, Гөгүргөн.
Ак-Белдеги атакемдин кепеси…
Келди кетти адамдардын нечеси.
Балалыгым келет эске,
Батып ойго чөмүлөм.

Ыргалышат атам тиккен теректер,
Нымдалышат кусалыктан каректер.
Аттиң арман, өткөн экен жылдарым,
Апакемдин ордун жоктоп ыйладым.
Айылдагы аксакалдарга жолугам,
Катаал жашоо, эмгек көрүп колунан.
Алар анда алда канча жаш эле,
Чөп чапканга, мал бакканга маш эле.
Эми болсо эмшейишип карыптыр,
Эх арман ай, эчки жашы калыптыр.

Бир гана суу баягыдай агууда,
Жаштар болсо жаңы үйлөрдү салууда.
Шамал дагы баягыдай дилдирейт,
Биздин өмүр альбомдордо калууда.

Жайлоолор да кемпирлерди сагынып,
Ал кемпирлер кара жерди жамынып.
Эшек минген ошондогу чалдар жок,
Өөндү көздөй жөнөп калчу камынып.

Бир гана кыш, баягыдай кар урат,
Бороон боздоп коркунучтуу ышкырат.
Жашап жатат айылдаштар мал курап,
Кышта чардап, жайы катуу иш кылат.

Мен өзүмдү сезип турам чочундай,
Жуурулушуп айылыма кошулбай.
Таба албастан жылдарымдын издерин,
Китептердей калган өңдүү окулбай.
Жаткан өңдүү буту колго чалынып,
Эшиктеги жаткан жыгач отундай.

Туулган жерим турпатыңдан айланам,
Турат уулуң кусалыктан саргарган.
Балалыгым издеп келем жоготкон,
Көчө, жайлоо, тоо-таштардан, жарлардан.
Күндөрүмдү издеп жатам шоктонуп,
Сагынамын апам тилдеп каргаган.
Чандым сени эмне үчүн билбеймин,
Эми ошого өкүнөмүн, арданам.

Орозалы Карасартов

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17