Аймак

Ж.Жээнбеков Франция элчиси С.Каттаны турист катары үй-бүлөсү менен Жалал-Абаддын кооз жерлерине эс алып кетүүгө чакырды (фото)

 1,420 Бардыгы /

Ж.Жээнбеков Франция элчиси С.Каттаны турист катары үй-бүлөсү менен Жалал-Абаддын кооз жерлерине эс алып кетүүгө чакырды (фото)
Кыргызстан менен Франциянын ортосунда маданий жактан байланышты күчөтүү үчүн Бишкекте эки мамлекеттин ишкерлеринин колдоосу менен үстүбүздөгү жылдын 27-февралында «Франциянын клубу» ачылып, апрель айында биринчи уюштуруу жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта кечээ, 24-апрелде өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Жусупжан Жээнбеков менен жолугушуусунда билдирди.
Анын берген маалыматына караганда, клуб үчүн атайын имаратты ижарага алышып, азыр ал жерде ремонт иштери жүрүп жатат. Ал эми июнь айында клуб өзүнүн ишин баштайт. Бул фонддон каалоочулар француз тилин бекер үйрөнүшөт. Муну менен маданий жактан байланыш күчөйт.
«Фонддун каржылоосу эки мамлекеттин ишкерлери тарабынан жүргүзүлөт. Бул фонддо бир гана тил үйрөнбөстөн, ишкерлер бири-бири менен тыгыз иштешүүгө шарт түзүлүп, маданият жактан байланыш күчөйт. Эки элдин маданияты менен жакындан тааныша алышат», – деди С.Катта.
Ж.Жээнбеков элчини турист катары үй-бүлөсү менен жай айында облустун жаратылышы кооз жерлерине: Сары-Челек, Кара-Алма, Арстанбап токойлоруна келип эс алып кетүүгө чакырды.
Ж.Жээнбеков Франция элчиси С.Каттаны турист катары үй-бүлөсү менен Жалал-Абаддын кооз жерлерине эс алып кетүүгө чакырды (фото)
Ж.Жээнбеков Франция элчиси С.Каттаны турист катары үй-бүлөсү менен Жалал-Абаддын кооз жерлерине эс алып кетүүгө чакырды (фото)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17