Аймак

Садыр Жапаров: “Саясатка аралашкан он жыл” (Документалдуу баян). 1-бөлүк

 9,245 Бардыгы /

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровдун «Саясатка аралашкан 10 жыл» аттуу китеби жарык көрүп, ал бир гана интернеттеги окурмандардын кызыгуусун туудурбастан, кыргыз саясатындагы бир топ саясатчылардын түн уйкусун бузуп, бүйүр кызытууда.

Китепте автор 10 жыл ичи саясатта жүргөн орчундуу, айрым мурда-кийин жарыяланбаган окуялар; анын ичинде депутаттык орундар, мамлекеттик жогорку кызматтар кантип бөлүштүрүлүп, саясий соодалашуу кантип жүргөнү, өнөктөштөрүнөн кантип көңүлү калганы жазылган.

Аны менен катар чуусу бүтпөгөн Кумтөр маселеси, ал аркылуу өзүнө сунуштаган 100 млн. доллар пара, Түркияга чыгарылып кеткен 3 тонна алтын.., айтор, Акаев, Бакиев жана Атамбаев замандарындагы саясый окуялардагы бир топ кызыктуу маалыматтар камтылат.

Учурда Польшада саясий башпаанек менен жүргөн Садыр Жапаровдун өзүнүн уруксаты аркылуу аталган китептин толук вариантын 2 бөлүк менен окурмандарга сунуштайбыз.

INTER.KG

Саясатка аралашкан он жыл

“Эрки күчтүү элибиздин эртеңи, эч кимди кайдыгер калтырбашы керек


Садыр Жапаров

Автор жөнүндө кыскача маалымат:

Жапаров Садыр Нуркожоевич. 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.

Ата теги: Нуркожо, Мусталый, Жапар, Көчкүн, Солтонкул, Алыбай, Бирназар, Алдаш, Белек, Жамангул, Алсейит, Мырзакулмырза, Орозбак, Сарбагыш, Тагай, Агуул, Долонбий.

Үй-бүлөлүү. Төрт баланын атасы. 1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан “Керкей” ишканасынын башчысы. 1996-2001-жылдары “Гузель” ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан “Нурнефтегаз” нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган.

2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен. 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген. 2013-жылы азыркы бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган.

Коомдук иштердеги ишмердүүлүгү: 2006-жылы мамлекеттик сыйлыктарды берүү боюнча комиссиянын мүчөсү. 2007-жылы Ырайым берүү комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, бир далай мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Кириш сөз

Бул китепти жазардын алды көпкө ойлонуп, тараза ташка салдым окшойт. Саясий тарых сүртүмүндөгү чындык камтылган 10 жылдык окуяны ичке батырып, ага баа бербей коюш эч мүмкүн эмес эле. Ошол кездеги ачык жазылып, басма сөздө жарыя болуп жаткан маалыматтарга, саясий процесстерге же саясий окуяларга катышкан, көргөн адамдардын айткандарына таянып, өз шилтемеме, ой толгоомо салып, талкуу иретинде эле жазып койсом болмок. Ачыгын айтайын, канча бир уйкусуз түндөрдү баштан кечирдим. Өзүм күбө болуп, баштан өткөргөн нечен бир ачуу окуяларды кайрадан ийне-жибине чейин талдап, саясий көшөгөнүн артындагы чындыкты, далилдер менен фактыларды келечек муунга, саясий сабак катары калтырууну туура таптым. Кыргызстандын 2005-жылдан берки саясатындагы өзүм күбө болуп катышкан, ар бир саясий чындыкты жазып, тагыраак айтканда, «Кайсы саясатчы чындап мамлекетке күйөт, кайсы саясатчы өз чөнтөгү үчүн иштейт, кайсы саясатчы мамлекеттин мүлкүн уурдады, кайсы саясатчы мамлекетти өнүктүрүп кетүүгө өз салымын кошо алат, кайсы саясатчы көр оокаттын кулу» жана ушул сыяктуу кызыктуу саясый окуяларды бурмалабастан так жана даана чагылдырып, саясий каармандын өз атын атап, ар бир окуянын жүрүшүн кеңири баяндаганга аракет кылдым.

Үстүртөн эле жазып койсом же каармандардын аттарын бурмалап атап кетсем, окурмандар көп китептердин эле бири болуптур деген ойго келеби дедим. Дагы бир кайталайын, келечек муунга саясий тарбия болсун үчүн бел байладым. Бул чынында өзүнчө түйшүк экен. Өзгөчө бүгүнкү күндө көздөрү тирүү, али да саясий аренада абройлуу, көптөрү өзүмдүн саясаттагы үзөңгүлөш досторум болгон адамдардын аттарын атап, аларга жакпаган фактыларды ачыкка алып чыгуу, мен үчүн оор болду. Балким, өтө майдаланып кетиптир деген замандаштарыбыз да чыгышы мүмкүн. “Бир тамчыда океан бата турган чындык бар” дегендей, убакыт өткөндөн кийин майда нерселер да, ал окуяларга өз баасын берип коёт экен.

Кийинки убакта кандай гана маселе көтөрүп чыкпайын, айрым коомдогу каршылаштарым, “Мурда кайда жүрдүң эле?” деген суроону көп берип, доомат коюшат. Мындан тышкары, “Ата-Журт” партиясын колдогон шайлоочуларыбыз нааразы болушуп, “Силерге ишенип, парламенттик шайлоодо добуш бердик. Биздин колдообуз менен биринчиликти алдыңар. Эмне үчүн колуңарга берген бийликти алдырып жибердиңер? Эмнеге мамлекеттин алдыга жылышына салым кошо албадыңар? Буга ким күнөөлүү?” деген ачуу сындарын да көп уктум. Ошол себептен, бул документалдуу баянды, бир чети отчёт катарында кабыл алып, ошол кабыргалуу суроолорго жооп болсун дедим.

Грек акылмандарынан калган “Платон менин досум, бирок, чындык андан кымбат” деген сөз бар. Анын сыңарындай дос, тууган, тааныш экендерине карабастан, мамлекеттин бүгүнкү кыйын кырдаалга келип такалышына кимдердин салымы бар болсо, ачык жаздым. Эртедир-кечтир, мындай чындык чыгышы керек деп эсептейм.

Ансыз да ушул тапта саясаттагы душмандарым чачымдан көп. Анткени, алардын көбүнүн коррупциясын ачып, кемчиликтерин бетине айткан учурларым болгон. Бул китеп жарык көрөрү менен алар эки эсе көбөйөрү да анык. Азыркы жаңы чыгып келе жаткан жаш саясатчыларга бул сүртүмдөр сабак болушу керек. Анткени, ар бир саясатчы бүгүнкү саясаттагы жасаган кыңыр иши ушинтип, эртедир-кечтир ачыкка чыгарын билишсин. Бекер жеринен элибиз, “кыңыр иш кырк жыл өтсө да ачыкка чыгат” деп айтышпаганын эстеринен чыгарбай жүрүшсүн. Ошондуктан, “мамлекет үчүн кызмат кыламын” деп бүгүнкү күндө жумурай журттун алдына чыгып, жалындуу сөздөрдү сүйлөп, мамлекетибиздеги болуп жаткан коррупцияга каршы ачкачылык жарыялап, саясатта жүргөн жаштарыбыз элге-журтка чынчылдык, адилеттүүлүк, калыстык менен кызмат кылууга үйрөнүп, байлыктын же бийликтин кызыкчылыгына сатылбастан, “эл үчүн таза иштейм” деген ниеттеринен кайтышпаса деген үмүтүм зор.

2005-жылдагы тарыхый ак тактар

2005-жыл. Февраль айы. Кыштын кыраан чилдеси. Балким, эсиңиздедир, ошол жылы кыш жалпы эле Кыргызстан боюнча демейдегиден суук, каардуу болгон. Бул да болсо, табияттын быйыл башкача жыл болот деген эскертүүсү экен. Тилекке каршы, аны адамдар учурунда түшүнбөптүрбүз. Жалпы республика бир мандаттуу 75 шайлоо округуна бөлүнүп, 28-февраль күнкү Жогорку Кеңешке боло турган шайлоого даярдыктар кызуу жүрүп, коомчулук шайлоого баш оту менен сүңгүй кирип, саясый жүрүштөр бийликти апаатка түртүп аткандай абалдын башталышы эле.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз талапкерлигимди койгон №71чи Түп шайлоо округунан 12 талапкер чыкты. Биз дагы күн-түн дебей жүгүрүп, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп, бар аракетибизди көрүүдөбүз. Мени алдыда татаал саясий күрөштөр күтүп турганын жон терим менен сезип турдум. Жаздоо менен элеттиктер кам уруп, саясаттын кай жакка баратканын сезбей жаткан күндөрдүн биринде, тактап айтканда, 19-февраль күнү Акаевдик бийлик менин талапкерлигимди шайлоо жарышынан алып салды. Учурун өткөрбөй, бир чындыкты айта кетейин. 10 миңге жакын тарапташым нааразы болушуп, эл көчөгө чыгып, Түп-Кеген жолун жаап салышты. Мен муну чынында эч күткөн эмесмин. 10 миңдей адамды көрүп, өз тагдырыма, эл тагдырына жүрөк чымырап кетти. Элдин жаалы катуу экен, Түп-Кеген жолу чычкан өткүс болуп жабылды. Эл, “Бийлик талабыбызды аткармайын, ордубуздан жылбайбыз. Жолду ачпайбыз” деген чечим кабыл алышты. Аларга менин да сөзүм өтпөй калды. “Садыр, сен штабыңда отура бер. Эми бийлик менен сүйлөшүштү бизге кой. Кийлигишпе” дешти. Менде алардын шартына макул болгондон башка арга калбады. Эртеси күнү Бишкектен жубайым балдарымды алып, айылга келе жаткан эле. Жол жабылган жерге жеткенде, -Мен Садыр Жапаровдун жубайы болот элем. Өткөрүп койгулачы, балдарым менен кыйналып келе жаттым эле,- десе эл, – Садыр Жапаров эмес, андан чоңдун аялы болсоң да, өткөрө албайбыз,- деп өткөрбөй коюшуп, жубайым бир баламды көтөрүп, эки баламды жетелеп алып, жөө Түпкө келди. Мына ушул кичинекей турмуштук эпизод ошол учурдагы элдин чыныгы күрөшчүлдүгүн далилдеп турат. 21-февраль күнү эртең менен мен олтурган штабга, демократ Топчубек Тургуналиев агабыз келип, – Мени Бакиев менен Атамбаев жиберди. Бекем турсун дешти. Жакында жалпы республика боюнча нааразычылык акциялар башталат. Акаевди сүрүп түшөбүз,- деп дүпүлдөп сүйлөп, менин колумду кысып, кетип калды. Көп убакыт өтпөй эле Жеңиш деген жакын досум келип,- Эл Топчукенин машинасын да өткөрбөй жатышат. Сени элге бир ооз айтып койсунчу дейт,- деди. -Эл менен акылдашалы. Алар кандай чечим чыгарат, мен айта албайм,- дедим. Митинг болуп жаткан жерге барсам, Т.Тургуналиевди эл араң дегенде өткөрүшүптүр.

***

22-февраль.Түн бир оокум. Жол жабылган жерге келдим. Жол тоскондор өздөрүнчө тартип кабыл алышып, түнкүсүн кезектешип турмайга өтүшүп, көбү үйлөрүнө кетип, дежурлукта калганы боз үй, палаткаларда, ал жакка батпагандары ар кайсы жерде, кардын үстүндө уктап жатышкан экен. Бул көрүнүштү көрүп, карапайым элге боорум ооруп кетти. Бир чети алардын эркине баа бердим. Ичимен чыйрала түштүм. Обочодо жүздөй жаш балдар, машинанын дөңгөлөктөрүн жагып, жылынып олтурушат (видео архив бар).

Машинадан түшүп, кардын үстүндө чапанын бекем кымтып, бүрүшүп уктап жаткан апаны көрүп, тык токтой калдым. Көз алдыма апам келе түштү. Түз эле жанына басып бардым. Жаш курагы 60 тан ашып калгандай көрүндү. Жаткан жериндеги кар ээрип, кара жер көрүнөйүн деп калган экен. Дароо ойготтум. – Апа, туруңуз, суук тийип калат. Үшүп калыпсыз. Сизди кантип ушул муздак жерге жаткызам?, – деп, бат-бат сүйлөп жибердим. Апа башын көтөрүп, – Аа, Садыр, сен белең. Бир аздан кийин таң атат, ага чейин чыдаймын балам. Сендей азаматтарды коргоп алабыз, – деп кайра кардан жасап алган жаздыгына башын коюп жатып алды. Акыйкат деп кардын үстүндө бүрүшүп жаткан апаны, ой-санаасы жок дөңгөлөк жаккан балдарды көрүп, ушундай эрки күчтүү элимдин бардыгына сыймыктанып, көзүм жашка толуп кетти. Бирок, ал көз жашты эч кимге билгизген жокмун. Азыр ойлоп көрсөм, ошол көрүнүш мага саясатта он жылдык дем-күч берген экен.

Элдин мындай биримдиги, бийликтин адилетсиз мамилесине болгон каршылыгы бир эле Түптө эмес, бүт республиканын аймагында от болуп күйүп турду. Муну ошол кездеги көздөрүн май басып калган акаевдик бийлик гана түшүнгөн жок. Кыргыз элинин канындагы эркиндикти, калыстыкты, адилеттүүлүктү колдогон касиетин керек болсо, бүгүнкү бийлик да, түшүнбөй келе жатат. Эсиңиздерде болсо керек, Акаев үй-бүлөлүк бийликти орнотуш үчүн ачыктан ачык эле киришип, Жогорку Кеңештин депутаттыгына баласы, кызы, балдыздары, ага-инилери, деги эле баш көтөргөн жакын туугандары бүт кандидаттыктарын коюшуп, атаандаштарын сот менен, шайлоо комиссиясы менен алдырышып, өзгөчө ашынып кетишкен эле. Муну көрүп турган элдин кыжыры кайнап, тескерисинче, бийлик жактырбаган кандидаттарды колдоого өтүшкөн. Мындай элди көзүнө илбей, эсирүүнүн этеги эмне менен бүткөнү баарыбызга белгилүү.

* * *

23-февраль. Сууктун мизи кайтып калгандай. Бийликтин жакын адамы Токон Шайлиева телефон чалып, – Жолугушалы, мага келип кете аласызбы?,- деди. Ошол убакта губернатор эле. Көптөрдүн эсинде болсо керек. Токон Шайлиева Акаевдин, өзгөчө Майрам Акаеванын эң жакын адамы катары айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылган учуру. Өзү да анча-мынчаларды көзүнө илбей, өкүм сүйлөп, дүпүлдөп түрган чагы. Кейпи, Акаевге “шайлоону сиз каалагандай өткөзүп берем” деп убада берсе керек. Жаңы келгенде тим эле баарын кууруп, чамгарактоочу. Анын чамгарактаганынан элдин сүрү күчтүү болуп, кантсе да көптү көргөн киши эмес беле. Облустагы бийлик башында түрган адам катары сыйлап макул болуп, Каракол шаарына бардым. Кабинетинде бир тууган агам Сабыр үчөөбүз сүйлөшүп олтурсак, ачык эле айтты, – Сен талапкерлигиңди ал, Түптөн Акаевдин балдызы өтүш керек,- деди. – Жок эже, элдин ишеничин тепселеп басып кете албайм. Сиз шайлоого калыс караңыз. Эл чечсин. Эл шайласа, өтсүн,- дедим. -Анда сен, Караколдон талапкерлигиңди алып кой,- деп бир тууган агама кайрылды. Көрсө, Шайлиеванын планы боюнча Караколдон Эркинбек Алымбеков же Догдуркүл Кендирбаева депутат болуш керек экен. Агам, – Эжеке, мен да ала албаймын, элдин, жактоочуларымдын ишеничин кантип таштап кетип калам?, – деди. Анткени, шайлоо аяктап калган эле (кийинчерээк баары бир Каракол шайлоо округу боюнча Шайлиева өз максатына жетти). Агам Сабыр жеңип чыкканына карабастан, губернатор күчкө салып, шайлоо участокторунда протоколдорду жасап, Э.Алымбековду өткөрүп койду.А. Акаев качып кеткенден кийин агамдын шайлоочулары сот аркылуу мандат алып беребиз дешип, сотко камынып калышты. Анткени, ал убакта сот, көз ачып-жумганча чечим чыгарып бермек. Видео тасмалар жетиштүү эле. Мындан сырткары, “Алга, Кыргызстан” партиясынан депутат болгондордун соттон утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү жокко эсе болчу. Бирок, атабыз Нуркожо ажы баарыбызды чогултуп алып, – Балдарым, бирөөңөр депутат болдуңар, ушул үчүн Аллага шүгүр дегиле. Э.Алымбеков жетим жүрүп, жетилген бала экен. Үч жолу депутаттыкка коюп, өтпөй келген экен. Ал деле депутат болсун, тим койгула, – деди. Биз үчүн атабыздын сөзү мыйзам эле. Кийин Э.Алымбеков бул окуяны угуп, – Мен аксакалга аябай ыраазымын. Рахмат айтып кой. Чайга чакырып, батасын алам, – деп менден салам айттырган. Пендечилик кылдыбы, айтор убакыт өткөндөн кийин чайды кой, биздин үй-бүлөнү бүгүнкү күнгө чейин, ар жерлерде жамандаганга өтүп алды. Күлүп тим болдук.

Чындыкка элдин күчү менен жеттик

Токон Шайлиеванын кабинетинен чыгып, кайра Түпкө келдим. Бишкектен Борбордук шайлоо комиссиясынан эки киши, менин ишимди комиссияда кайра караганы келишиптир. Чечим чыгара алышпай, убакытты аябай создуктурушту. Элдин чыдамы кетип, акимиатты жана РИИБны тегеректеп басып алганы камынып калышты. Түнкү саат 23:30дар чамасында элдин сүрүнөн коркушуп, менин талапкерлигимди ”Туура эмес алынган. Кайрадан катталды” деген чечим чыгарып, колума карматышты. Ошол учурдагы элдин сүйүнгөнүн сөз менен айтып жеткириш кыйын. Баш кийимдерин асманга ыргытышып, ызы-чуудан Түптүн ичи жаңырып эле жатып калды. Түнкү саат 12де баары үйлөрүнө тарап кетишти. Эртеси эртең менен турсак, бир метр кар жаап салган экен. Төрт күн, күнү-түнү дебей, эл жолдо турганда кар жаабай, эл тарагандан кийин жарыктык кар укмуш жаады. “Бул да болсо, Кудайдын элге боору ооруганы болду” -деп көпчүлүк эл жакшылыкка жоруп коюшту. Анткени, чындыкка элдин күчү менен жеткен элек. Чындыктын жеңиши ошондо мен үчүн өзгөчө бакыт болгон.

Ошентип, 2005-жыл, 28-февраль күнү биринчи тур болуп, 12 талапкердин арасынан Кубан Намазалиев (ошол мезгилдеги райондун акими) экөөбүз экинчи турга чыктык. 13-март күнү экинчи тур болуп жеңип чыгып, депутат болдум. Шайлоо түйшүгү дагы бир топко уланды. Жеңилип калган талапкерлер баары биригип алышып, мени сотко беришти. Бирок, эч жыйынтык чыгара алышкан жок (көп окуяларды кыскартып жаздым). Ошентип, менин саясаттагы жолум башталды.Татаал, көп кырдуу жол болорун андагы баёо сезим сезген жок окшойт.

* * *

22 -март күнү Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны өтүп, депутаттык мандаттарыбызды алдык. Мандат алганыбыз менен “ичкенибиз ирим, жегенибиз желим” дегендей, жүрөктөн санаа кетпей түрган эле. Өлкөдөгү абал өтө оор болчу. Муну баарыбыз көрүп турганбыз. Бийлик дээрлик бүт республиканын аймагында таасирин жоготуп, башкара албай калган. Көтөрүлгөн эл улам күчөп, облустарда өз өкүлдөрүн губернатор кылып шайлай башташкан. 24-март күнү Бишкекте 50 миңден ашык киши катышкан митинг башталды. А.Акаевдин аргасы түгөнүп, өлкөдөн качуудан башка жол таппады. Өлкө ичи ызы-чуу түшүп, жатып калдык. 2- чакырылыштын депутаттары, – Биз ишибизди улантабыз. Силер кеткиле. Акаевчи парламентсиңер, – деп келишип, чоң жыйындар залын ээлеп алышты. – Жок. Кечээ эле биринчи жыйын болуп, мандат алдык, биз легитимдүү парламентпиз,- деп кайра келип, 3- чакырылыштагы депутаттар ээлеп алдык. 2- чакырылыштын кайра шайланып келген депутаттары токойдогу түлкүдөй болуп, эки жакка ойноп туруп алышты. Акыр аягында, “Же биз менен 3- чакырылыштын депутаты болгула же 2- чакырылыш менен кеткиле” деп кысымга алып жатып, 2 күндүк ызы-чуудан кийин биз 3- чакырылыштын депутаттары легитимдүү парламент болуп, олтуруп калдык. Ачыгын айтсам, бул жерде да соодалашуусуз иш бүткөн жок. Бийликти колуна алган Бакиевдин командасы менен күнү-түнү сүйлөшүүлөр жүрдү. Жаш саясатчы, жаш депутат катары андай сүйлөшүүлөргө катыша алган жокмун. Бирок, баарынан кабардар болуп турдук. Кыскасын айтканда, бийликке келгендерге, “кылтыңдабай ак дилден иштеп беребиз”- деген убада берилди. Биринчи эле күн тартибиндеги маселе катары, кантип Акаевден «Өз каалоом менен президенттиктен кеттим» деген арызын жаздырып келебиз дегенди талкуулоого койдук. Өмүрбек Текебаев башында турган Жантөрө Сатыбалдиев, Каныбек Иманалиев, Кадыржан Батыров, Темир Сариев болуп, артынан барып арызын жаздырып келүү үчүн парламент, бизди делегат кылып шайлашты. Москвага учуп бардык. Элчи тосуп алды. Элчиликте Н.Танаев менен К.Жумалиев бар экен. Түштөн кийин А.Акаев келди. Жанында Айдар менен Бермет бар. А.Акаев: – Өмүрбек Чиркешович менен өзүмчө сөзүм бар эле. Беш-он мүнөт сүйлөшүп алайын, – деди. Биз, – Жок, баарыбыз чогуу олтуруп, чогуу сүйлөшөбүз, – деп болбой койдук. – Анда, Айдар менен Бермет дагы сүйлөшүүгө катышсын, – деди эле, – Болбойт, – деп, аларды дагы катыштырган жокпуз. Сүйлөшүүлөр жүрө баштады. Столдун бир тарабында биз, депутаттар, экинчи тарабында А.Акаев, К.Танаев, К.Жумалиевдер олтурушту. Аскар Акаев:

-Арызды эртең жазып келип берейин. Бүгүн даяр эмесмин, – деди. Биз тырышып болбойбуз,

– Бүгүн, азыр эле жазып бериңиз, – деп. Анткени, эртеңге чейин айнып кетсе, дагы бир топ убара болобуз деп турдук. Себеби, А.Акаев, – Мен легитимдүү президентмин, эртеңге чейин ойлоноюн, – деп олтуруп алды. Талашып-тартышып жатып, – Анда азыр журналисттерди киргизели, оозеки жарыя айтып коюңуз да, эртең өз колуңуз менен жазып келип бериңиз,- деп жатып араң дегенде макул кылдык. Кырктан ашык журналисттер күтүп турушкан эле. Киргиле дегенде, бирин-бири тебелеп кирип келишти. А.Акаев маек куруп, өз каалоосу менен арыз берип жатканын жарыялады. Биз үстүбүздөн оор жүктү алып салгандай эле болдук. Анткени, депутаттар бизге ишеним көрсөтүп жиберишкен да. Себеби, А.Акаев официалдуу түрдө өз арызын жазып бербесе, кийинки шайланган президент легитимсиз болот деген маселе түрган эле. Ошентип, арызын жаздырып алып, Бишкекке учуп келдик. А.Акаевдин арызын парламентке добушка коюп, кабыл алдык. Ушул күндөн баштап, саясатта абдан кызыктуу окуялар башталды.

Так талаш

24- мартта Ф.Куловду түрмөдөн чыгарып келишкен эле. Беш жыл олтурган. Түз эле “Ф.Куловду президент кылабыз” дегендер четтен чыкты. Бирок, андай мүмкүнчүлүк жок болчу. Кырдаал башкача эле. Анткени, 2005-жылдагы революциянын башында К.Бакиевдин командасы турган. Айланасындагы колдогондор күчтүүлүк кылып, К.Бакиев убактылуу «президенттин милдетин аткаруучу» болуп бекип калды. Буга А.Бекназаров, Ү.Сыдыков, Нур уулу Досбол, Д.Сарыгулов өңдүүлөрдүн таасири чоң болду. Анткени, булар революция жасоо боюнча республикалык штаб башчыларынын таасирлүү мүчөлөрүнөн болушчу.

10-июлда Президентти шайлоо күнү белгиленди. Талапкерлер даярдана башташты. Негизги талапкерлер К.Бакиев менен Ф.Кулов эле. Экөөнүн ортосунда: “Сен премьер-министр бол. Мен президент болоюн” деген соодалашуу кызуу жүрүп жатты. Бири-бирине жол бошото турган түрлөрү жок. Республикалык штабдарын ачып, кызуу иштеп башташты. Феликс Куловдун республикалык штаб башчысы болуп, Алмазбек Атамбаев шайланды. Ө.Бабанов экөөбүздү Феликс Куловко иштеп бергиле деп суранды. Биз макул болдук. Баарыбызды «Форумдагы» офисине чогултту. Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Темир Сариев, Мелис Эшимканов, Өмүрбек Бабанов жана Феликс Кулов өзү болуп, үй мүйүз олтуруп, кеңешип баштадык (дагы бир топ саясатчылар бар эле, эсимден чыгып кетиптир).

– Бакиев күчтүүлүк кылып кетет го. Талапкерлигиңизди алып койбойсузбу? – дегендер да болду. Алмазбек Атамбаев: – Жок. Алганга болбойт. Бул күрөштө биз жеңип чыгабыз. Менин көзүм жетет,- деп, өзүнүн аргументтерин айтып берди. – Түштүктө 30 пайыз өзбек улутундагылар жашашат. Алар эзели түштүктөн чыккан талапкерге добуш беришпейт. Алардын добушун алсак эле, түндүк толук колдоп берсе, жеңиш биздики болот, – деп дүпүлдөп жатты… Чындыгында, турмуш өзү көрсөтүп тургандай, түштүктө жашаган өзбек улутундагы жарандарыбыз, түштүктөн чыккан талапкерлерге анча добуш бере беришпейт экен. Муну шайлоолордо көп байкадым. Анткени, аралашып жашап жаткандан кийин ар кандай жагдайлар болот. Биринчиден, кичине кездеринен бери бирге өсүшүп, бирине-бири атаандашып жашашат. Мушташа кетишет, ары тур, бери тур болуп дегендей. Ошол себептенби, айтор азыркы учурга чейин деле өзбек улутундагы жарандарыбыз түштүктөн чыккан төбөсү көрүнгөн саясатчыларыбызды жактыра бербеши ачык эле билинип турат. Экинчиден, баарына 100 пайыз жагыш кыйын эмеспи.

* * *

Ала жаздын нымы кете элек учур. Жумуштан кийин күндө кечинде «Форумга» чогулмай болдук. Мени Ысык-Көлгө ар бир райондун борборуна штабдарды ачып кел деп жиберишти. Бекбосун Кыдыкбаев деген агабызды алып, бир жумада штабдарды ачып келип, Алмазбек Атамбаевке даректерин кагаз жүзүндө толук тапшырып бердик. Бир дагы облуста мындай тез даярдык болгон жок. “Азаматсыңар” деп мактап, далыга таптап баржактады. Үчөөбүз кофе ичип, бир топко баарлашып олтурдук. Сөз кезеги келип, «Кумтөр» менен Каркыра жөнүндө айттым.

-«Кумтөрдү» толук мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетсек, кризистен тез эле чыгып кетет элек. Ушул маселеге көңүл бурушуңарды суранам. Маселени мен Жогорку Кеңешке алып чыгайын. Колдоп бергиле, – дедим. – Саке, иним, Акаевди эмне үчүн кубаладык? Бир эле «Кумтөр» эмес, бүт кен байлыкты менчигиндей ээлеп алышыптыр. Ошол үчүн кубалабадыкпы. Мындан ары баарын мамлекетке алып, иштетебиз. Бир аз убакыт керек, – деди. Каркыра боюнча айттым. – Биздин чек арага чейин кирип келип, пост куруп алышкан. Чөп чабыш, шалбааларыбыз, жайыттарыбыз өтүп кетип жатат. Келишимди кайра карамайынча парламенттен өткөрбөшүбүз керек, – дедим. – Ал маселе өзүңдүн колуңда турат го, парламенттен өткөрбөй кой, – деди. Ошентип, айткан сөздөрүнө ичим жылып, тарап кеттик. Күндөрдүн биринде А.Атамбаев, Өмүрбек Бабанов, Рахат Ирсалиев үчөөбүздү «Автомаш» заводунда жайгашкан эс алуучу жерге чайга чакырып калды. Жогорку Кеңештен бошобой жатып, бир аз кечигип, барып калдык. Дароо эле үчөөбүздү оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, өзүнчө эле урушуп кирди. Биз таң калып, андайга чыдабаган жаным, ызырынып калсам, Өмүрбек Бабанов күлүп, мени токтотуп койду. Көрсө, ичинде 100 грамм бар экен. «Кулов менен Бакиев тандем түздү, шайлоо компаниясы токтоду» деп айтканы чакырыптыр. Өзүнө экономика министрлигин соодалашып алган кербези экен. Кийин сегиз ай иштеп, иштей албай, ал министрликтен да кетти. Бир күнү Ө.Бабанов экөөбүз А.Атамбаевдин кымыз ичип, эс алып жаткан жерине бардык. Арыз-муңун айтты. – Акаев деген ат, Бакиев деген эле атка алмашып калды. Буларды жакында кайрадан жок кылабыз, бир аз чыдагыла. Сен көтөрүп жаткан «Кумтөр» маселеси ошондон кийин чечилет, – деди. Макул болуп, кетип калдык. Эртеси парламентке барып, «Кумтөр» боюнча топтогон кагаздарымды Бакиев менен Куловко кат аркылуу калганын көбөйтүп, 75 депутатка таркатып берип, чара көрүүлөрүн өтүндүм (Жогорку Кеңештин архивинде турат). Кийинчерээк комиссия түзүлүп, башында Кубанычбек Исабеков туруп, 2010- жылга чейин бир топ фактыларын ачкансыды. Бирок, бу киши дагы маалымат согушунда «Кумтөрдөн» утулду. Анткени, КТР деген бийликтин кара жашиги аркылуу бийлик өзү жеп жаткан талканын коргоп ким болбосун, бир саатта мокочо кылып коёрун турмуш бүгүнкү күнгө чейин көрсөтүп келе жатпайбы.

Саясий сатуу

Саясий шоулардын очогу дымып, Курманбек Бакиев президент болуп шайланып, 14-август күнү ант берүү аземи болуп өттү. Саясий оюндун картасына ылайык, премьер-министр болуп Феликс Кулов бекиди. Ыңкылаптын ылаңы сууп, жашоо өз нугуна түштү.

2006- жылдын күз айлары. Ө.Текебаев, А.Атамбаевдер башында турган оппозиция мүчөлөрү, «конституциялык реформа жаса» деп К.Бакиевке каршы «Ала-Тоо» аянтына элди топтоп, 8 күн бою митинг өткөрүштү. Чындыгында, элүү миңге жакын эл, сегиз күн бою, “конституциялык реформа болсун” деп чын жүрөктөрүнөн күнү-түнү дебей, тикесинен тик турушту. Оппозиция жаңы Баш мыйзамдын долбоорун даярдашты. Парламентте оппозициянын даярдаган Баш мыйзамынын долбоорун кабыл алууга төрт добуш жетпей турган эле. Мен болсо, “мындай саясий сасык оюндарыңарга катышпайм” деп, кабинетимден чыкпай олтуруп алдым. Эшикте турган эл, Түптөн шайланып келген депутат деп түптүк жердештерим, акын, сатирик Жолоочу Рыспаев, Дамир Сулайманов, Адылхан Бекболотов, Медет Омошевич Букуев жана башка жердештеримди элдин алдына чыгып, “оппозицияга кошулдум” деп жарыяласын деп, кабинетиме жиберишиптир. Менде болсо, А.Атамбаев оппозицияны сатып, премьер-министр боло турганы тууралуу толук маалымат бар эле. Анын планы боюнча, «Кулов элге чыгып кошулуп кетсе, Бакиевди алып түшөбүз. Эгер элге кошулбай койсо, премьер-министрликти алып кете берейин» деген планы болгон. Премьер-министрлик кызматты К.Бакиев менен алдын ала макулдашып коюп, Ф.Куловдун гана кадамдарын күтүп турган. Жердештериме, – Байкелер, мени кыйнабагыла, силер жөн эле сасык саясатчылардын куралы болуп жатасыңар. Эки күндөн кийин Алмаз Атамбаев премьер-министрлик кызматка барат. Баарыңарды сатат, менде толук маалымат бар. Силерге билгизбей, премьерлик кызматты соодалашып жатат, – десем, мени жаман көрүшүп, – Андай болушу мүмкүн эмес, сен эл алдына чыгып, элге кошулдум деп жарыялап кой, – деп кыйнап, түнкү саат 12 ге чейин иш бөлмөмдө олтурушту. Макул болбодум. Жердештерим мага таарынып кетишти.

Кийин мен айткандай болуп, А.Атамбаев премьер-министр болду. Жолоочу Рыспаев агам: – Сен көзү ачыктай эле айткан экенсиң, баарыбызды “көпүрө боло калайын” деген шылтоо менен сатып кетти, – деп аябай арман кылды. Ошентип, Атамбаев премьер-министр болуп сегиз ай иштеп, бирок колунан жыргаган иш келбеди. Акыры Бакиев «Данакер» орденин берип, алдап- соолап кутулду. Ошол орденди алып жатканда көзүн жашылдантып, «Курманбек Салиевич, Сиз асыл адам экенсиз, мен сизди билбей жүрүптүрмүн. Далай нервиңизге тийиптирмин. Бардык кылганым үчүн кечирим сурайм» деп айтып жатпайбы.

* * *

Дүйнөмдө жан дүйнө революциясы болду окшойт. Ак кардын үстүндө суукка карабай жатып, бизди колдогон апаны эстеп, максат кылган иштеримди иштей берейин деп, Каркыра маселесине кириштим. 2001-жылы эки мамлекеттин президенттери кол коюшуп, Казакстан тарап парламентинен ратификациядан өткөрүп, бизге жиберген экен. 2-чакырылыштагы депутаттар каршы чыгып, өткөрбөй келишиптир. Себеби, Каркыра эле эмес, Таласта, Чүйдө (объезддеги жол) талаш эле. Келишимди кайра карап чыгуу маселесин көтөрдүм. Анткени, келишимди Кыргызстан тарап ратификациядан өткөргөндөн кийин, кайра кароого таптакыр мүмкүн эмес эле. Эреже боюнча, Кыргызстандын парламенти ратификациядан өткөрө элек болсо, кайрадан Казакстан тарапка сунуш киргизип, оңдоп чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз бар болчу. Менин бул сунушумду четке кагып, бийлик, «ратификациядан өткөрүп бергиле» деп Саламат Аламанов аркылуу парламентке алып келди. Караманча кашайып, өткөрбөй койдук. Парламентте «өткөрбөйлү» деп агитация жүргүздүм. Көпчүлүк депутаттар, “макул, өткөрбөйбүз” деп колдоп беришти. Бир айдан кийин экинчи жолу алып келишти. Бул жолу тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жактап келди. Кайрадан талаш-тартыш башталды. – Токтоткула! Жеринен барып көрүп келели. Мен силерге көрсөтөм, кандай жерлерибиз өтүп кетип жатканын. Андан кийин өзүңөр эле уятыңар болсо, токтотуп, кайрадан Казакстан менен сүйлөшүүлөргө барасыңар,- деп, дагы өткөрттүрбөй койдум. Аликбек Жекшенкулов акырын жылып, жаныма келип олтурду. – Саке, жакында өкмөт Астанага биринчи иш сапары менен барганы жатат. 2001-жылдан бери өтпөй келе жатыптыр. Ушул ишти бүтүрүп салсак болот эле?- деди. – Алике, жакында каникулга чыгабыз. Баарыңарды Каркырага алып барып көрсөтөм. Ал жерде биздин жайыт, чөп чабыш, шалбаа жерлерибиздин бир тобу өтүп кетип жатат. Ошол жерлерибизди алып калышыбыз керек, – дедим. Дароо түшүнүп, кетип калды.

2006- жылдын 3-июль күнү Каркыра жайлоосуна жеке каражатым менен боз үй, палаткаларды тигип, бир уй, бир жылкы союп, депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн чакырдым. 75 депутаттын болгону 36сы келди. Атам Нуркожо башында турган айлыбыздын аксакалдары Исраил Искаков, Совхозбек аксакал өңдүү, дагы жыйырма чакты аксакалдарыбыз үч күн, күнү-түнү дебей, чогуу жүрүшүп, депутаттарга биздин өтүп кетип жаткан жерлерди көрсөтүштү. Ушул жерден айта кетүүчү чындык, “Каркыраны сатып жиберди” деп 2008- жылы жазда Түпкө барып, жумуртка менен сабалып кеткен депутаттардын бирөөсү да, ошондо Каркырага келген эмес. Кызыгып дагы коюшкан эмес. Аларга Каркыра саясий кызыкчылык үчүн гана керек болгон. Каркыраны көтөрсөк, балким эл колдоп кетеби деп ойлошкон. Азыр ушул тапта деле, “Каркыранын кайсы жери өтүп кеткен, көрсөтүп бергилечи?” деп сурасак, көрсөтүп бере алышпайт. Себеби, билишпейт. Көрүшкөн дагы эмес. Анысы аз келгенсип, оозуна ээ боло албаган Э.Алымбековго окшогон депутаттар, Э.Каптагаевге окшогон губернаторлор, “Садыр Жапаровдун шайлоочулары оппозицияны жумуртка менен урду” деп, мен уюштургандай кылып көрсөтүштү. Тилекке каршы, элге төбөсү көрүнгөн эле адам КТР дан былжырап жатса, карапайым калк ишене берет экен. Так ошол күнү өлкөдө жок элем. Турцияда болчумун. «Мейли, кудайга койдум» дегенден башка сөзүм жок. Баарына тарых тараза.

Бийликтегилерден өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү маркум Мырза Кулматов жана президенттин өкүлү Алымбай Султановдон башка бирөөсү да басып келген жок. Үч күн бою семинар өткөрүп, Каркыраны кыдыртып чыгып, кайсы жерлерибизди сактап калышыбыз керек экендигин көрсөтүп, кайра узаттым. Ошентип, депуттаттар, өкмөт менен президенттин өкүлдөрү баарын өз көздөрү менен көргөндөн кийин, 2007- жылдын 22-октябрына чейин Каркыра маселесин Жогорку Кеңешке алып келмек турсун, сөз кылгандан уялып калышты. Ушул саясий себептен улам 2007- жылдын 22- октябрь күнү 3-чакырылыштын депутаттарынын тагдырын чечип, Президенттин указы менен таркатып жиберди. Ушул эле 2007-жылдын 16-декабрь күнү Жогорку Кеңешке жаңыдан шайлоо өткөрүп, жасалма жол менен “Ак-Жол”, СДПК жана «Коммунисттер» партиясын алып келишти. 2008-жылдын апрель айларында Каркыра маселесин карашып, ратификациядан өткөрүп жиберишти. Мына ушундан кийин Каркыра, Чүйдөгү жана Таластагы талаш жерлер Казакстанга өтүп кетти. Аталган иш боюнча “ратификациядан өтсүн” деп добуш берген депутаттарды толук күнөөлүү десек жаңылышпайбыз. Азыр менин саясаттагы каршылаштарым, айрыкча Э.Каптагаев мага башка жарлык таба албай, “Садыр Жапаров Каркыраны сатып жиберген” деген ушак сөздү бүгүнкү күнгө чейин таркатып, убара болуп жүрөт. Ал тургай, Ысык-Көл облустук телесинен эки жума бою, “Каркыраны сатканга тиешеси бар” деп Кудайдан коркпостон көрсөттүрүп турду. “Мага да теледен чыгууга мүмкүнчүлүк бергиле же мени менен түз эфирге чыккыла. Эл алдында чындыкты айтышалы” десем, Президент баш болуп, безилдеп качышат. «Садыр Жапаровду телеге, өкмөттүк гезит, журналдарга жолотпогула. Абийирибизди иттей кетирет» деп буйрук берип коюшуптур. Мамлекеттик теледен ушундай ушактар көрсөтүлүп жатса, карапайым айрым адамдар чындап эле ишенет экен. Айрыкча, менин Ысык-Көлдүк жердештерим. Мамлекеттер аралык жер маселесин түшүнүүгө билим деңгээлдери жеткен адамдар, чындык каякта экенин билип турушат. Анткени, эки мамлекеттин ортосунда жер маселесин ким чечээрине, ким чекит коёруна акылдары жетет.

Комиссардын чындыгы

2008 – жылдын июль айлары. Түп айылына Бороонбай атабыздын эстелигин коюп, ачылышын өткөрүп, Каркырада үй-бүлөм менен эс алып жүргөн мезгилим эле. Ал убакта бош жүргөм. Айылдан агам келип, – Сени эки күндөн бери Президент издетип жатыптыр. Бишкекке барышың керек экен, – деди. Тоонун башына чыгып, уюлдук телефондон кабылдамасы менен байланышсам, жардамчысы алып: – Эки күндөн бери сизди издеп жатат. Эртең менен саат 10:00 гө келип калыңыз, – деди. – Тынччылыкпы, эмне маселе менен?,- десем, «Билбейм, бизге айткан жок, – деди. Эртең менен келдим. Курманбек Бакиев ордунан тура калып, жылуу кабыл алды.

– Садыр, сени төрт кандидаттын ичинен тандап алдым, Комиссар болуп иштеп бер, – деди.

-“Учурдагы Комиссарчы?» десем, “Ал көптөн бери ооруп жүрөт. Өз арызы менен кетип жатат, – деди. – Андай болсо, мага ишеним көрсөтүп жатканыңыз үчүн ыраазымын. Макул, иштеп берейин. Бирок, эки суранычым бар, – дедим. – Айт, – деди. – Биринчиси, менин ишиме эч ким кийлигишпесин. – Эч ким кийлигишпейт, ага кепилдик берем. Экинчи маселеңди айт, – деди. – КТР ден бир айда бир саат убакыт бергиле. Коррупционерлерди ачык көрсөтүп турушубуз керек. Антпесек, коррупция менен күрөшүш өтө кыйын, – дедим. Ордунан тура калып, КТР дын башчысы Мелис Эшимкановко телефон чалды. Ага Бакиев: – Садыр Жапаров барат. КТР ден каалаган убагында, бир айда бир саат убакыт бересиң. Комиссар кылып бекитип жатам, – деди.

3 айдын ичинде агенттиктин ишин түп-тамырынан өзгөртүп, реформа жасап, бузулуп жаткан имаратты өкмөттөн бир тыйын албастан, өз күчүбүз менен жаңылап, оңдоп (азыр ал имаратта баш прокуратуранын башкармалыгы олтурушат), кызматкерлерди олтургузуп, айлыктарын 4500 сомдон 15000 сомго чейин көбөйтүп, иш баштадык. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, бүгүнкү өлкө башчыбыз мага суроо берип жатат: – Комиссар болгон кезиңде эмне үчүн коррупциянын жүзүн толук ачып, жоё алган жоксуң?- деп. Элибизде, “Аты улук, супарасы курук” деген сөз бар. Аты “Комиссар” деп дүңгүрөгөнү менен эч бир жерди текшерүүгө, кылмышкерди тергөөгө алууга укугубуз жок эле. Бирок, ошого карабастан иштин көзүн таап, башка укук коргоо органдары менен биргеликте иш алып барып жаттык. 15 күн сайын жарым сааттан “Комиссар эскертет” аттуу көрсөтүү берип, көбүнчө коррупцияга аралашкан сот, прокурорлор жөнүндө аттарын тактап, ачык көрсөтүп турдук. Баш-аягы 15 ке жакын көрсөтүү эфирге чыкты. Алар азыр КТР дин архивинде сакталуу турат.

Күндөрдүн биринде Балыкчы шаарына элге ичүүчү суу чыгарып берүү үчүн Ак-Түздөгү калдык сактоочу ууга чыланган темир түтүкчөлөрдү казып келип, салып берип жатышат деген кабар келди. Дароо эле барып, басып калдык. Көрсө, жаңы суу түтүкчөлөрүнө деп бюджеттен бөлүнгөн 35 млн сом акчаны облустук бийликтегилер жеп коюшуп, Ак-Түздөгү ууга чыланган бекер түтүкчөлөрдү казып келип, 8 км аралыкка элге ичүүчү суу чыгарып бериш үчүн салып жатышкан экен. Ызы-чуу эле болуп жатып калдык. Жыйынтыгында, 17 киши камалып кетти. Ал камалган жердештеримдин баарысынын мага таарынычтары күч. Бирок, кийинчерээк баары кайра эле боштондукка чыгышты.

Менин айтайын дегеним, булардын камалышы эмес. Ошол ууланган түтүкчөлөрдү элдин убалынан эч коркпостон колдонуп жатышкандагысы. Эгер ошол түтүкчөлөр аркылуу Балыкчы эли суу ичкенде, 10 жылдын ичинде ак кан оорусун

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17