Аймак

АКШнын 16 ШТАТЫ ТРАМПТЫН ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗҮҮ ЧЕЧИМИН ЖОККО ЧЫГАРУУ ҮЧҮН СОТКО КАЙРЫЛДЫ

АКШнын 16 ШТАТЫ ТРАМПТЫН ӨЗГӨЧӨ АБАЛ КИРГИЗҮҮ ЧЕЧИМИН ЖОККО ЧЫГАРУУ ҮЧҮН СОТКО КАЙРЫЛДЫ

 1,248 Бардыгы /

Дүйшөмбү күнү президент Дональд Трамптын өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгын жокко чыгаруу максатында АКШнын 16 штаты, анын ичинде Калифорния менен Нью-Йорк Сан-Франциско сотуна кайрылды.

Трамп мындай кадамга Мексика менен чек арага дубал курууга Конгресс сунуштаган суммадан кыйла көбүрөөк акча алуу мүмкүндүгүнө ээ болуу үчүн барган. Сотко берилген доо арыз бюджетти көзөмөлдөөдөгү мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтеринин ортосундагы ыйгарым укуктарды ажыратуу жана президенттин жарлыктарынын масштабы тууралуу суроолорго жооп бериши керек.

Доочулар бюджет бул Конгресстин артыкчылыктуу укугу экенин белгилеп, президенттин дубалдын курулушу өңдүү башка максаттарга өз алдынча акча алууга укугу жок экенин билдиришүүдө.

Трамп өзгөчө абалды 15-февралда, Конгресс дубал тургузуу үчүн ал талап кылган дээрлик алты миллиард долларды бөлүп берүүдөн баш тарткандан кийин жарыялаган.

Президенттин бул чечимине нааразы болгон активисттер Вашингтон, Чикаго өңдүү ири шаарларда акцияларды өткөрдү.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17