Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ  ЯКУТИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ  ЯКУТИЯНЫН ЖЕТЕКЧИЛИГИ МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮ

 1,415 Бардыгы /

ЯКУТИЯ. Якутск шаарында Кыргызстандын Мамлекеттик Миграция кызматынын төрагасынын орун басары С. Токтоболотов, Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин кеңешчиси Д. Ниязалиева, Орусиянын Мамлекеттик миграция кызматынын Красноярскидеги Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Ж. Галиева жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин өкүлү Н. Жороев Якутия (Саха) Республикасынын Башчысынын Администрациясынын жана Өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Ф. Борисов, Орусиянын Саханын  боюнча Тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынын башчысы Н. Алексеев жана Якутск шаарынын мечитинин имамы М. Сагов менен жолугушту.

                        Жолугушуу маалында Сахадагы кырдаал баяндалып, айрым чыр-чатактар туурасында дагы айтылып, мындан аркы алака туурасында кеп козгошту. Ошол эле убакта Саха республикасынын жетекчилиги мыйзамсыз мигранттар менен мындан ары дагы туруктуу күрөшөөрүн катуу эскертти. Мындан тышкары Якутияда Кыргыз диаспорасы бир ымалага келип, туруктуу жолбашчы шайлап алуусундагы өтүндү.

Ошол эле күнү Кыргыз делагциясы Якутиянын (Саханын) Ички иштер министрине дагы жолугуп, орой-чарай сүйлөшүштү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17