Аймак

ОШМУ ОРУСИЯНЫН ОН ЭКИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ОШМУ ОРУСИЯНЫН ОН ЭКИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

 1,856 Бардыгы /

ОШ. «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү —келечекке инвестиция» аталышындагы Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун I форумуна Ош мамлекеттик университетинин ректору,профессор Каныбек Исаковдагы катышып жатат. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Ош мамлекеттик университети менен Казань федералдык университетинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндөгү Меморандумга кол коюлду.
Буга улай Байкал мамлекеттик университети, Воронеж мамлекеттик университети, Мари мамлекеттик университети, Сибир федералдык университети, Москва физика-техникалык университети, Владимир мамлекеттик университети, Нижегород мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Урал федералдык университети, Кемеровск мамлекеттик университеттери менен дагы эки тараптуу өз аракызматташуу туурасындагы келишимдерге кол коюлду. Буга дейре ОшМУ Орусиянын 33 жогорку окуу жайы менен кызматташып, анын алкагында окутуучулар, студенттер, магистранттар академиялык мобилдүүлүк Программаларынан өтүп келишти. Эми Форумдун алкагынд дагы 12 жогорку окуу жай менен кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, кызматташуунун алкагы ого бетер кеңейтилди. Ушул тапта ОшМУнун 18 студенти, букардын арасынан 4 магистрант Орусиянын жогорку окуу жайларында академиялык мобилдүүлүк Программасы аркылуу билим алып жатышат.
Баса, аталган Форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору жана Орусиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышып жатышат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17