Аймак

АДВОКАТ ТАЖИК ЖУРНАЛИСТИ ХАЙРУЛЛО МИРСАИДОВДУ ТОЛУК АКТООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

АДВОКАТ ТАЖИК ЖУРНАЛИСТИ ХАЙРУЛЛО МИРСАИДОВДУ ТОЛУК АКТООНУ ТАЛАП КЫЛУУДА

 975 Бардыгы /

Тажикстандын Жогорку сотуна белгилүү журналист, Тажикстан шайырлар жана тапкычтар тобунун мурдагы жетекчиси Хайрулло Мирсаидовдун ишин кайрадан карап, аны толук актоо тууралуу өтүнүч кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мирсаидовдун адвокаты Бахтиёр Насруллоев билдирди.

Былтыр июлда Хожент шаардык соту Мирсаидовду «мамлекеттик каражатты кымырып алганы, максатсыз пайдаланганы жана жалаа жапкандыгы» үчүн күнөөлүү деп таап, 12 жылга эркинен ажыраткан. Сот өкүмүнөн кийин журналисттин үй-бүлөсү мамлекеттин пайдасына 124 миң сомони компенсация төлөгөн.

22-августта Согди облусунун соту 12 жылдык түрмөгө кескен өкүмдү жокко чыгарып, анын ордуна журналистти коомдук ишке тартууну жана ага 80 миң сомони (8,5 миң доллар) өлчөмүндөгү айыппул салууну чечкен. Натыйжада Мирсаидов сот залынан бошотулган.

«Биз Мирсаидовдун аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондугу тууралуу Жогорку сотко өтүнүч кат жаздык. Ага тагылган айыптоолор жасалма, сот өкүмү мыйзамсыз болгон, ал эл аралык жана улуттук нормаларга каршы келет», — деди адвокат.

Быйыл февралда Тажикстанда Хайрулло Мирсаидовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон. «Мирсаидовго жазаларды аткаруудан качкандыгы үчүн 6-февралда издөө жарыяланган. Эгер ал Тажикстанга кайтып барса, анда Хожент шаардык сотунун 11-январдагы өкүмүнүн негизинде сегиз жылга камалат»,— деп билдирген анда адвокат Бахтиёр Насруллоев.

Хайрулло Мирсаидов учурда Грузияда. Ал бул өлкөгө дарылануу үчүн чыгып кеткен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17