Аймак

“КОММЕРСАНТЪ”: ПУТИН МЕНЕН КИМ ЧЕН ЫН 25-АПРЕЛДЕ ВЛАДИВОСТОКТО ЖОЛУГУШАТ

“КОММЕРСАНТЪ”: ПУТИН МЕНЕН КИМ ЧЕН ЫН 25-АПРЕЛДЕ ВЛАДИВОСТОКТО ЖОЛУГУШАТ

 1,738 Бардыгы /

Орусия президенти Владимир Путин менен Түндүк Корея лидери Ким Чен Ындын жолугушуусу 25-апрелде Владивостоктун Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинде өтөт. Бул тууралуу “Коммерсантъ” өз булактарына таянуу менен билдирди.

Жолугушуу өтө турган жерди коопсуздук талаптарына байланыштуу Түндүк Корея тандаган.

Буга чейин Кремль Ким Чен Ын менен Путиндин Орусиядагы жолугушуусу апрелдин экинчи жарымына белгиленгенин маалымдаган.

Бүгүн Владивостокко Ким Чен Ындын эжеси, Түндүк Кореянын Борбордук комитетинин пропаганда жана агитация бөлүмүнүн директору Ким Е Чжон келди. Бул тууралуу “Чосон Ильбо” басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди. Ал жолугушуунун жогорку деңгээлде өтүшү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерет.

Буга чейин “Интерфакс” Владивосток аэропортуна Түндүк Кореядан пландан тышкары эки учак келгенин кабарлаган. Журналисттер атайын кызматтын өкүлдөрү учуп келген болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

“Коммерсанттын” булагы кабарлагандай, 230 кишиден турган Ким Чен Ындын делегациясы Орусияга чопкутталган поезд менен келери пландалууда. Аны менен 2002-жылы Ындын атасы Ким Чен Ир Орусияга саякат жасаган. Поезддге Түндүк Корея лидеринин лимузинин жүктөй келишет.

Ким Чен Ын менен жолугушкан соң Путин 25-27-апрелде өтө турган “Бир алкак, бир жол” форумуна катышуу үчүн Бээжинге жөнөп кетет. Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери Орусияда бир дагы жолу болгон эмес жана Владимир Путин менен жолугушкан эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17