Аймак

АДИСТЕР ОКУУЧУЛАРГА ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИШТИ

АДИСТЕР ОКУУЧУЛАРГА ТУУРА ТАМАКТАНУУ БОЮНЧА МААЛЫМАТ БЕРИШТИ

 2,800 Бардыгы /

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айыл аймагындагы  Баястан айылында жайгашкан А.Атамов атындагы орто мектебинде «Туура тамактануу» темасында иш-чара өттү.

Жалал-Абад регионалдык Айылдык консультациялык кызматы» (ЖА АКК) коомдук фондунун адистери аларга туура тамактануу боюнча маалымат берип кетишти. Маалыматтар айыл чарбасына багытталган туура тамактануу деген эмне, эмне үчүн мектеп окуучуларына өткөрүлүп жатканы жана долбоордун максаттары туурасында берилди.

Үй-бүлөлүк дарыгер Гүлбахор Хайдарова тамактануу пирамидасын эске алып тамактануу керек экендигин баса белгилеп:

«Мындай иш-чаралар айылдарга өтө керек, өзүбүз өстүрүп тамактансак, түрдүү оорулардын алдын алган болот элек. Биз да түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз, бирок мындай массалык иш-чаралар болуп турса да жакшы экен» –дейт.

Мында окуучулар сахналык көрүнүш коюп беришти. Мектепке туура тамактануу менен биргеликте ден соолукту чыңдоо максатында китептер белекке берилди.

Бул иш-чара «Айыл чарба өндүрүшү аркылуу тамактанууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында, Жалал-Абад  регионалдык Айылдык консультациялык кызматы жана мектеп администрациясы менен биргеликте жүзөгө ашты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17