Аймак

ӨЗБЕКСТАН VOLKSWAGEN МЕНЕН БИРГЕ АВТОУНАА ЧЫГАРАТ

ӨЗБЕКСТАН VOLKSWAGEN МЕНЕН БИРГЕ АВТОУНАА ЧЫГАРАТ

 1,215 Бардыгы /

Өзбекстан Volkswagen менен бирге автоунаа чыгара баштайт. 28-майда Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев бир катар келишимдерге кол коюшту.

Мындан тышкары тараптар маалымат коосуздугун сактоо, уулуу газдардын абага тарашын төмөндөтүү келишимдерине кол коюшту. Өзбекстан Илимдер академиясы менен Германиянын «Integra GmbH» жана «Vamed Engineering GmbH» компаниялары Ташкентте өзөктүк медицина жана нур терапиясын түзүү боюнча макулдашты.

29-майда Германия президенти жубайы менен бирге Ургенч мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугуп, Хиванын тарыхый жайларын кыдырышат.

Эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 2018-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

Германия президенти Франк-Вальтер Штайнмайер расмий сапар менен Өзбекстанга 27-майда келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17