Аймак

АКЫЙКАТЧЫ ТОКОН МАМЫТОВ С.СОЛТОНГЕЛДИЕВАГА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

АКЫЙКАТЧЫ ТОКОН МАМЫТОВ С.СОЛТОНГЕЛДИЕВАГА КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ

 1,064 Бардыгы /

КР Акыйкатчысы Токон Мамытов КРнын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы С.Солтонгелдиевага кайрылуу жолдоду.

Анда келе жаткан 2020-жылы Экинчи дүйнөлүк(Улуу Ата Мкендик) согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата бир катар демилгелерди сунуштады. Дүйнөлүк Экинчи (Улуу Ата Мекендик) согуштун жыйынтыгын бүткүл прогрессивдүү адамзаттын тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурасы катары таанып, бул чечимди 2003-жылдын 17-октябрында БУУнун Башкы конференциясынын 32-сессиясында кабыл алынган ЮНЕСКОнун “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө” Конвенциясынын текстине киргизүүнү; Нюрнберг процессин жана анын чечимин да тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурас катары таанып,бул чечимди ЮНЕСКОнун “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө” Конвенциясынын текстине толуктоо катары киргизүүнү; 9-майды (Дүйнөлүк экинчи (Улуу Ата Мекендик)согуштагы) Жеңиш күнүн Адамзаттын фашизмди жеңген Эл аралык жеңиш күнү деп) таануу сунуштамасы менен ЮНЕСКОнун алдында жана “Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө”Конвенцияга кол койгон бардык өлкөлөрдү жогоруда аталган демилгелерди ар тараптан колдоо жана ишке ашыруу өтүнүчү менен чыгууну суранды.

Акыйкатчынын басма сөз кызматы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17