Аймак

ЭРДОГАН: ОРУСИЯНЫН С-400 КОМПЛЕКСТЕРИ ТҮРКИЯГА ИЮЛДА ЖЕТКИРИЛЕ БАШТАЙТ

ЭРДОГАН: ОРУСИЯНЫН С-400 КОМПЛЕКСТЕРИ ТҮРКИЯГА ИЮЛДА ЖЕТКИРИЛЕ БАШТАЙТ

 876 Бардыгы /

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системалары Түркияга июлдун биринчи жарымында жеткириле баштайт. Бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

Орусиянын С-400 ракетага каршы системасын сатып алуу тууралуу Анкара менен Москванын ортосундагы макулдашуу Түркия менен АКШнын ортосунда карама-каршылык жаратууда.

Кошмо Штаттар НАТО өлкөлөрү үчүн өндүрүлгөн Ф-35 аскердик учактары тууралуу жашыруун маалыматтар Кремлдин колуна тийип калышы мүмкүн деп тынчсызданууда.

Буга чейин Вашингтон эгер Анкара орусиялык С-400 зениттик ракет системасын сатып ала турган болсо, бул Түркиянын НАТОдогу өнөктөштөрү менен кызматташтыгына терс таасир эте турганын эскерткен.

Эрдоган бул маселени АКШнын президенти Дональд Трамп менен ушул айда өтө турган «Чоң жыйырма» саммитинин алкагындагы жолугушуусу маалында талкуулай турганын айтты.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17