Аймак

“УЗБЕККОНЦЕРТ” РЭПЕРЛЕРДИ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАТ

“УЗБЕККОНЦЕРТ” РЭПЕРЛЕРДИ КӨЗӨМӨЛГӨ АЛАТ

 1,066 Бардыгы /

“Узбекконцерт” ишканасынын директору Одил Абдукахоров жергиликтүү журналисттерге берген интервьюсунда өлкөдө рэптин андан ары өнүгүшүнө кам көрөрүн билдирди:

– Рэпке канчалык тыюу салсак, ал ошончолук популярдуу болуп баратат. Тыюу салынган нерсе дайыма кызыктуу. Биз аларга убагында көңүл бөлбөй, тарбиялабаганыбыз үчүн рэперлер сөгүнүп ырдап, өздөрүн туура эмес алып жүрө башташты. Эми биз рэперлер менен кызматташууну чечтик. Рэпти көзөмөлгө алдык деп айтсак да болот. Эми биздин максат – рэперлерге улуттук салт-санаа жана маданиятыбыз тууралуу ырдоо керектигин түшүндүрүү.

Февралда “Узбекконцерттин” директору ырчыларды мамлекет башчыны мактап ырдоодон оолак болууга чакырган. 2017-жылдан бери “Узбекконцерт” тарабынан колдоого алынбаган ырларды эл алдында ырдоого, социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган. Мамлекеттик лицензия албаган ырчылар концерт бере албайт, ТВ жана радиодон чыгышпайт. Өзбек бийлиги бул чаралар өзбек шоу-бизнесинин сапатын жогорулатууга багытталган деп эсептейт.

2018-жылы ноябрда “Узбекконцерт” ырчы Шахло Ахмедованын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Анын “Жайкы жамгыр” аттуу ырга тартылган видеоклибинде кыз менен жигиттин мамилелери өтө ачык көрсөтүлгөнү, улуттук менталитетке туура келбегени айтылган.

2017-жылы июнда өзбек бийлиги расмий түрдө чет элдик, башкача айтканда орус, араб, түрк жана иран ырларын өзбек тилинде кайра ырдап чыгууга тыюу салган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17