Аймак

АТАМБАЕВДИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ 26-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

АТАМБАЕВДИН КАМАКТАГЫ МӨӨНӨТҮ 26-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ

 805 Бардыгы /

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрга чейин камакта калды.

Сот анын бөгөт чарасын узартуу боюнча тергөөнүн арызын 20-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында карады. Адвокаты Замир Жоошев соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз экенин журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Биринчи май райондук соту аны 26-августка чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган. Сот УКМКнын имаратында өтүп, адвокаттан башка жакындары, тарапташтары киргизилген эмес.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17