Аймак

ТАЖИКСТАНДА ДОЛЛАРДЫН РАСМИЙ КУРСУ КЕСКИН ЖОГОРУЛАДЫ

ТАЖИКСТАНДА ДОЛЛАРДЫН РАСМИЙ КУРСУ КЕСКИН ЖОГОРУЛАДЫ

 796 Бардыгы /

Тажикстанда бүгүн АКШ долларынын расмий курсу кескин жогорулады. Күн мурун өлкөдө бир доллар үчүн 9 сомони 43 дирам берилип жатса, бүгүн эртең менен анын баасы 9 сомони 70 дирамга жетти.

Өлкөнүн Улуттук банкы доллардын расмий курсунун жогорулашын расмий жана көмүскө базардагы курстардын ортосундагы айырмачылыктын 2,8% жетип кеткени менен түшүндүрдү.

«Ортодогу айырмачылыктан улам калк акча алмаштыруу үчүн банктарга кайрылбоого аракет кыла баштаган. Бул маселени чечүү үчүн кошумча чара катары АКШ долларынын расмий курсун өзгөртүп, көмүскө базардагы курска тууралоо чечими кабыл алынды», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Ошол эле маалда Улуттук банк өлкөдө доллар тартыштыгы байкалып жатканын ырастап, мындай абал кызыкдар тараптарга сомонинин девальвациясын тездетүүгө жол ачарын белгиледи.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17