Аймак

АМЕРИКА КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖЕМКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮН КУБАТТАЙ ТУРГАНДЫГЫН АЧЫКТАДЫ

АМЕРИКА КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖЕМКОРЛУККА КАРШЫ КҮРӨШҮН КУБАТТАЙ ТУРГАНДЫГЫН АЧЫКТАДЫ

 655 Бардыгы /

НУР-СУЛТАН. Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысынын саясий маселелер боюнча Орун басары Дэвид Хейл менен жолугушту.
Тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө даярдыгын жашырышкан жок. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу жөнүндөгнү базалык макулдашууга кол коюуну даярдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырууга кызыкдарлыгын тастыкташты. Америкалык тарап Кыргызстандагы демократиялык жол менен шайланган институттарды жана мыйзамдын үстөмдүгүн, ошондой эле Кыргыз Президенти Сооронбай Жээнбеков жүргүзүп жаткан жемкорлдукка каршы күрөштү толук бойдон колдоорун билдирди. Кыргыз тарабы Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу маселесинде кызматташууну улантууга кызыкдарлыгын билдирди. Инвестициялык кызматташуу, америкалык бизнести Кыргызстанга тартуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери  талкууланды.
Бул расмий жолугушуу «Борбор Азия – АКШ» жогорку деңгээлдеги Жолугушуу талаасында болуп өттү.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17