Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД: ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫ БАШТАЛДЫ

 1,953 Бардыгы /

Бүгүн, Жалал-Абад шаарындагы мектептерде биринчи коңгуроо кагылып, жаңы 2019-2020-окуу жылы башталды. Бул салтанат шаардагы М.Бабкин атындагы №1 мектепте да жогорку деңгээлде өттү.

Мектептердеги билим майрамы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, ата-энелердин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда белгиленди.

-Бүгүн Жалал-Абад шаарынын билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык мекемелерде ата-энелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн коштоосунда билим күнү белгиленип жатат. 1-класстарды кабыл алууда электрондук системаны ишке киргизгенбиз. Мунун негизги өзгөчөлүгү катары мектепте болуп жаткан теңсиздикке, тааныш-билиштикке, коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коюуда. Быйылкы окуу жылына карата шаарыбыздагы жети мектеп капиталдык ремонттон өттү. Ал эми алдыңкы мектептердин бири М.Бабкин атындагы №1 мектепке 250 окуучу 1-класска кадам ташташты. Бул мектеп авариялык абалда делип, миллион сомдук акча каражаты бөлүндү. Буйруса жаңы 375 орундуу мектеп курулат– дейт Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Р.Калчаев.

Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад шаарындагы жалпы мамлекеттик 20 орто мектепке 2 миңден ашуун окуучу 1-класска кабыл алынды. Учурда да кабыл алуу токтой элек.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17