Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,594 Бардыгы / Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ноокат шаарындагы борбордук базардан таң агаргандан каш карайганга дейре адам аягы таптакыр үзүлбөйт. Мунун дагы жөнү бар экен. Анткени, сатылган товарларынын жана продукцияларынын арзандыгы, ошондой эле сапаттуулугу жагынан бул ири соода түйүнү Борбор Азиянын Фергана чөлкөмүндө алдына ат салдырбай келатат. – Шартыбыз кудайга шүгүр, – деп кепке аралашты Ноокат шаарынын борбордук […]
1,595 Бардыгы / Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ноокат шаарындагы борбордук базардан таң агаргандан каш карайганга дейре адам аягы таптакыр үзүлбөйт. Мунун дагы жөнү бар экен. Анткени, сатылган товарларынын жана продукцияларынын арзандыгы, ошондой эле сапаттуулугу жагынан бул ири соода түйүнү Борбор Азиянын Фергана чөлкөмүндө алдына ат салдырбай келатат. – Шартыбыз кудайга шүгүр, – деп кепке аралашты Ноокат шаарынын борбордук […]
ЭЛИ ТЫҢ ТУРМУШ-ООКАТКА, БАРЧЫЛЫК БҮГҮН НООКАТТА!
03.09.2019 / Автор aymak1,596 Бардыгы /
Тогуз жолдун тоомунда жайланышкан Ноокат шаарындагы борбордук базардан таң агаргандан каш карайганга дейре адам аягы таптакыр үзүлбөйт. Мунун дагы жөнү бар экен. Анткени, сатылган товарларынын жана продукцияларынын арзандыгы, ошондой эле сапаттуулугу жагынан бул ири соода түйүнү Борбор Азиянын Фергана чөлкөмүндө алдына ат салдырбай келатат.
– Шартыбыз кудайга шүгүр, – деп кепке аралашты Ноокат шаарынын борбордук базарында олтурган соодагер Нурбек Калдаров. – Мындай мүмкүнчүлүк керек болсо кээ бир облустардын борборлорунда дагы жок! Болгону электр энергиясы гана кендирибизди абдан катуу кесип келатат. Анткени,күркөлөргө бирдиктүү электр түйүнү тартылган эмес. Ар кимибиз өзүбүзчө ток уласак, чоң чыгымга эле учурагыдайбыз. Анын үстүнө буга тиешелүү уюмдар уруксат дагы беришкидей эмес!
– Кой этинин килосун 340 сомдон, ал эми малдыкын 300 сомдон гана сатып жатабыз, – деп сөздү улады Ноокат базарындагы касапчы Абдырахман Юсупов. – Дээрлик биздин баабыз Ош шаарыныкы менен бирдей эле. Наркты көтөрө элекпиз. Себеби, бизди Антимонополия Агенттигинин өкүлдөрү такай көзөмөлдөп турашат. Мактангандык эмес, биздин базардагыдай арзанчылык керек болсо көпчүлүк аймактарда деле жок, эй!
– Ноокат районунун Жийде айылынан атайын келдим, – дейт эмгек ардагери Орозбай Пазылов. – Бул жерде дегеле арзанчылык турбайбы. Соодагерлер кардарларга дайыма сылык-сыпаа жана илбериңки мамиле кылышат экен. Нукура Чыгыш базары жана маданияты деп ушуну айт!
Ал эми Ноокат районунун Он-Эки-Бел кыштагынын тургуну Калыя Чолпонова буларды кошумчалады: – Булардын тейлөөсүндө дегеле айып жок! Бирок, байкагандырсыздар, Ноокат базары улам эле тарып баратат.Андыктан, аны токтоосуз түрдө кеңейтүү абзел! Мындан тышкары буга катарлаш заманбап Логистикалык борбор дагы курулуусу кажет! Иши кылып тарыхый базарды мындан дагы ири соода борборуна айлантуу кажет!
– Ноокат базарынын жалпы аянты 96 эле сотых, – деп агынан жарылды «Ноокат соода базары» кооперативинин жетекчиси Кубаныч Алиев. – Мында ушул тапта төрт жүздөй адам соодагерлик кылышат. Иреттүүлүктү жана товарлардын сапаттуулугун биз өтө бекем карманабыз. Жакында өз демилгебиз менен 130 метр аянтка 50 тонна асфальт төшөдүк. Бул саамалыкты, буюрса, мындан ары дагы ырааттуу улантабыз. Таштанды, электр энергиясы көйгөйлөрүн чечүү аркетибиз дагы күч. Мындайда ноокаттык жеке ишкерлер Кыргыз Өкмөтүнүн туруктуу колдоосуна гана муктажбыз!
Канеткен күндө дагы, Ноокат базарын бир эле ирет зерикпестен араласаңыз, анда барчылык, береке жана арзанчылык бар экендигине биротоло ынанасыз. Аттиң… Ушундай тартип Кыргызстандын бардык чоң-кичине базарларында болсо кана?
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Ноокат шаары
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
18.01.2024 / Автор anarkan_kg Тема урока: ОДУШЕВЛЕННЫЕ И НЕОДУШЕВЛЕННЫЕ ИМЕНА СУЩЕСТВИТЕЛЬНЫЕ
-
25.01.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДА ТИК УЧАК КЫЙРАП, 74 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ
-
31.01.2024 / Автор anarkan_kg КАРА-СУУДА МЫЙЗАМСЫЗ ТАМЕКИ ЧЫГАРГАН ЗАВОДДУН ИШИ ТОКТОТУЛДУ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.