Аймак

КОРЕЯДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯДА АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

КОРЕЯДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯДА АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

 1,081 Бардыгы /

СЕУЛ. Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилиги  Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык консультативдик борбору менен биргеликте Корея Республикасынын адам укуктары боюнча департаменти тарабынан уюштурулган EPS системасынын он беш жылдыгына арналган фестивалына жана конференцияга катышты.

Айтмакчы, EPS системасы – ишке орношуу үчүн уруксат берүүчү Корея системасы. Кыргызстан 2007-жылдан бери EPS системасынын мүчөсү  болуп саналат, ага ылайык, Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграциялык кызматы менен Корея Республикасынын Эмгек министрлигинин ортосундагы түзүлгөн Меморандумга ылайык  Кыргызстандын эмгек мигранттары Корея Республикасына эмгек контракттары боюнча уюштурулуп кетет. Расмий нормадагы келишим аркылуу эмгек мигранттарын ишке орноштуруу жана укуктарын коргоо үчүн кепилдик дагы берилет.

Аталган фестивалда Элчилик Кыргыз эмгек мигранттарды Кореянын жумуш берүүчүлөрүнө тааныштырды. Кыргыз эмгек мигранттарынын жөндөмү, ошондой эле Кыргызстандын өзү жөнүндө атайын даярдалган китепчелерди таркатылды. Бул фестивалда Элчи Динара Кемелова менен Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультивдик борборунун директору Бактияр Төлөнов бирге катышты. 2019-жылдын 9-сентябрындаМамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү EPS системасынын форумуна катышып, эмгек мигранттарынын санын  көбөйтүү маселесин талкуулашты.

Мындан тышкары 2019-жылдын 11-сентябрында Кыргызстандын Корея Республикасындагы Элчилигинде Элчи Динара Кемелова менен Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык-консультативдик борборунун директору Бактияр Төлөнов жолугушту. Анын жүрүшүндө тараптар эмгек чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын дараметин өнүктүрүү үчүн биргелешип иштөөнү макулдашып, ал эми Корея Республикасынын  эмгек рыногунда биздин жарандардын иш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ачык талкуулашты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17