Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ КИМГЕ БУЙРУЙТ?

ЖАЛАЛ-АБАД: ОИИБдин НАЧАЛЬНИГИНИН КУБОГУ КИМГЕ БУЙРУЙТ?

 977 Бардыгы /

Бүгүн 15-октябрда спорттун волейбол түрү боюнча Жалал-Абад ШРИИБдеринин ортосундагы мелдештердин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул спорттук иш-чарага областтагы милиция бөлүмдөрүнөн жалпы 12 команда катышып, биринчилик үчүн күч сынашууда. Беттештердин жадыбалы чучугулактын жыйынтыгы менен түзүлүп, 2 тайпада оюндар жүргүзүлүүдө. Бардык команданы жеңгендер Жалал-Абад ОИИБнин начальнигинин волейбол боюнча кубогуна ээ болушат. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 1-ноябрда өткөрүлөт.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чара 1-ноябрь Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата уюштурулуп жатат.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17